Menu

Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри: Болгону бир аз эскертүү бердим

Бөлүшүү:

—Таалайбек Насирбекович, кечээ коллегиялык жыйын кылып талапты катуу коюптурсуз. Көңүлүңүзгө кызматкерлердин кийинип келгени жакпадыбы?

—Кызматтык этика деген бар. Мыйзамда да бул нерсе каралган. Андай мамлекеттик жыйналыш учурунда футболка эмес ак көйнөк кийип келүү баарынын милдети. Мен ал кишиге акырын гана эскерттим. Түшүнүү менен кабыл алып, чечим чыгарса керек деп ишенем.

—Жолдордун жасалуу иштери боюнча катуу айттыңыз го. Иш тартиби жакпай жатабы?

—Көчөлөрдүн оңдолуп, асфальт басылганы жакшы. Бирок кичинекей көчөлөрдү эмес эл көп жашаган чоң көчөлөрдү ирээтке келтирип алсак анан кичине көчөлөр качпайт эле да. Дос тааныштын көчөсүн жасап жүрө беришсе мыйзамды ким сактайт. Мен ошону айтып, талап кылдым. Чынын айтсам урушайын деген эмесмин. Урушпайм деле. Болгону бир аз эскертүү бердим. Эми иш алып барышса керек. Элге мыкты шарт түзүү биздин милдет. Шаардын тигил же бул бурчун бөлүп карабаш керек.

—Окуу жылы келе жатат, мектеп менен бала бакчага акчасыз балдарды орното албай калган ата-энелердин маселеси жолго коюлабы?

—«Акча алышат экен, сурашат, бербесең киргизбейт балдарды» дегенди мен да угуп калам. Бирок, бир даты ата-эне колубузга факты бербей жатышат. Факты жок болгондуктан кайсы бир мектепти барып күнөөлөй албайбыз да. Мындай акча алуунун негизги балдарга орун жетишпегендиктен келип чыгат. Буйруса алдыда жаңы мектеп, бала бакчаларды да курабыз деген планыбыз бар.

—Ош шаары медициналык жактан тейлөөдө көп акча сураарын да айтышат…

—Бул деле жогорудагы мектеп маселесине окшош. Айтышат факты жок. Эми бул нерсе биздин тыгыз көзөмөлдө болот. Коррупция менен күрөшүү менин же президенттин болбосо губернатордун эмес жалпыбыздын милдетибиз экенин унутпасак. Азыр өлкө башчысына коррупция менен күрөшүү үчүн ар бирибиз жардам беришибиз зарыл..

—Эскертүү берилди, жакында жетекчилер алмашат окшойт?

—Мен азырынча эскертүү бердим. Аткарышат, ойлонушат, Ош шаарынын келечеги, тазалыгы бизге керек экенин билишет деп ойлойм. Эгерде тоготпогон мамиле жасаса майзамдагы чараларды сөзсүз колдонобуз.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: