Menu

“Мегаком” компаниясынын директору Азат Базаркуловго түз суроо: Кайсыл кыйраткан эмгегиңиз үчүн салыштырмалуу 100 мугалимдин айлыгын бир айда алып олтурасыз?

Бөлүшүү:

Акылга сыйгыс көрүнүштөрду карап олтуруп айраң-таң каласың. Өзгөчө биздин өлкөдө шылуундар кызарган жер болсо эле үзүп алууну адатка айлантышты. Тегерек четти карап туруп деле бир аз уялуу деген болбойт экен. Дегеним, Мамлекеттин эсебинен 10 миң доллар, биздин акча менен 700 миң сом айлык алган «Мегаком» компаниясынын директору Азат Базаркуловдун бети кызарбайт окшойт. Кызыты Базаркуловдун айлыгы боюнча маселе бир эсе кыжырды кайнатса бир эсе күлкүнү келтирди. Карагыла, ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов «Өкмөт «Мегакомду» сатпасак болбойт, эртерээк ээсин таппасак кирешеден куру калабыз дейт. Ал эми ал жактагылар кирешелүү мамлекеттик ишкананын акчасын өздөрүнө мыйзамдаштырып ыйгарып алууда. Мен тиешелүү жактарга депутаттык суроо жөнөтүп, жетиштүү маалыматтарды топтодум. Мисалы, «Мегакомдо» 1500 киши иштесе, анын арасынан 10 топ-менеджердин же башчыларынын айлыгы 1500 адамдын жалпы айлык маянасынын он пайызын түзөт экен. Ошондо он киши 150 адамдын айлыгын бөлүп алып жатканы кандай мыйзамга сыят?.»-дейт.

Мындан да кызыты, өз учурунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мегаком» компаниясынын башчысы Азат Базаркуловдун телефондук чыгымдары үчүн эле бюджеттен ай сайын 50 миң сом бөлөөрү ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгын алып келген эле. Өз маалында аталган мекеменин коомчулук менен байланышуу жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жумгал Өмүрканов «Биздин компаниянын башкы директору азыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып жаткан сандан 2-3 эсе аз айлык алат. Биздин болжолдуу эсептөөлөр боюнча учурда 285-300 миң сомдун тегерегинде маяна алат. Ооба, парламент депутаттары 700 миң сом деген сумманы оюнан чыгарып айтып койгон жок. Буга чейин компаниянын жарымы мамлекеттик эмес кезде ошондой айлык болгон. Кийин 2014-жылы бул ишкана толугу менен мамлекетке өткөн. Ошондо мамлекет тарабынан жетекчинин айлыгы каралып чыгып, жогоруда аталган сан коюлган»-дейт. Макул, 700 миң болбосун, 300 миң сом айлык деген оңой суммабы? Мына ушул баш чаташтырмайлардан улам Азат Базаркуловго собол узаталы дедик.

—Азат мырза, коомчулуктагы «Базаркулов 700 миң сом айлык алат» деген кепке неге өзүңүз ачык жооп берип, алган айлыгыңыздын «арзыбаган эле 300 миң сом экенин» тастыктаган документти көрсөтө алган жоксуз? Ырасында, салыштырып эсептегенде 7 миң сомдон айлык алган 100 мугалимдин айлыгын бир алып олтурганыңыз кандай? Дегеле мынча суммадагы акчаны кайсыл кыйраткан ишиңиз учун алып олтурасыз?! Мына ушул суроолорго так кесе жооп узатуу сиз үчүн оорбу? Же коомдук пикир деген сиз үчүн эч нерсени түшүндүрбөйбү же уруп ойнобойсузбу?

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: