Menu

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Фискалдаштыруунун башкы компоненттери киргизүүгө даяр

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров фискалдаштыруу маселеси боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеде министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасындагы фискалдаштыруу программасынын акыркы долбоору сунушталып, талкуунун жыйынтыгы боюнча жактырылды.

Мындан тышкары кеңешменин катышуучулары тарабынан фискалдаштыруунун башкы компоненттери жумушчу программалык продуктулар сунушталды: «электрондук эсеп-фактура», ага катарлаш «электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз», POS терминалы менен гибриддин базасындагы «он-лайн ККМ», ошондой эле QR-коддорду колдонуу менен «байкалууну камсыздоо үчүн маркирлөө» элементтери.

Фискалдаштыруу программасына ылайык, бардык программалык продуктулар портал менен байланышкан бирдиктүү жумушчу тутумга бириктирилген, мында керектөөчүлөр продукциянын сапатын, анын өндүрүшү, сатылган жери тууралуу ишенимдүү маалыматтарды ар дайым текшере алышат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, программалык продуктулар атамекендик программачылар тарабынан иштеп чыккан жана мамлекетке белгиленген тартипте акысыз түрдө өткөрүп берилет. Бул түзүлүп жаткан API-экономиканын, тагыраагы программалык продуктулардын тиркемелеринин башкы принциби.

«Фискалдаштыруунун электрондук тутумунун өзү ырааттуулук менен киргизилет. Алды менен тутумду иштеп чыгууда катышууга кызыкдарлык билдирген куш чарбалары менен биргеликте сынамык долбоор болот. Айтмакчы, ишканалар жабдууларга өздөрү тапшырык беришет, алардын бири учурда сатып алган жана аны сыноодон өткөрүүдө», – деди ал.

Сунушталган программага ылайык, мамлекет ишканалардын маалыматтарына таянып, маалыматтардын топтомун түзүү үчүн аларды бириктирип, сактап жана коргойт. Учурда бул «Big data» деп аталат. Программалоо рыногунун кесипкөй катышуучулары белгиленген регламент боюнча бул маалыматтарды колдонуп жана App Store же PlayMarket программалык камсыздоосун жүктөп алуучу керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтөт.

Бүгүнкү күнү чек арадан өткөн жүк ташуучулар үчүн «Электрондук кезек» программасы даяр. Болжол менен жумурткаларды бир ай сынамык маркирлөөдөн кийин программалык продуктулар продукциялардын башка түрлөрү үчүн киргизилет. Аны менен катарлаш ак ниет салык төлөөчүлөрдүн продукцияларды маркирлөө маалыматтары боюнча порталы сыналып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: