Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Манас” эл аралык аэропортунун президенти, абактагы Албек Ибраимов менен экс-президент Алмаз Атамбаевдин кадры Эмил Чукуевди кызматтан кетирип, анын ордуна “Кыргызстан” авиакомпаниясын толук банкрот кылган Жолдош Бектурганов деген жердешин аэропортко президенттикке алып барууга камданып жатыптыр.
Жолдош Бектурганов деген эрен деле Атамбаевчилердин кишиси. 2010-жылы 7-апрелден кийин “Кыргызстан” авиакомпаниясына гендиректорлукка Бектургановду Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Болот Сүйүнбаев жетелеп барып олтургузган. Ошондон бери Бектурганов 8 жыл мамлекетке эмес Болот Сүйүнбаевге иштеп, ал жетекчи болгонго чейин бакубат авиакомпанияны толук банкрот кылып, эч жака учалбай калышты.
Ошондо Албек Ибраимовдун кишисин Болот Сүйүнбаевдин кишисине алмаштыргандан бир нерсе өзгөрөбү? Эми Бектурганов “Манас” аэропортун банкрот кылсын деп жатасыңарбы? Бул силер качан жердешчиликтин деңгээлинен, кландык деңгээлден көтөрүлөсүңөр? Мамлекеттик ишкананы талап-тоноого жол берип, банкрот кылган жетекчини камап салгандын ордуна силер дагы бир ишкананы банкрот кылдырасыңарбы?
Жолдош Бектургановдун компетентсиз жетекчи экенин КР Жогорку Кеңешинин трибунасында деле депутаттар байма -бай көзгө сайып айтып жатышпайбы.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ