Кечээ, 10-августта Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Эл аралык Япониянын Социалдык клубунун өкүлдөрүнө кыргыз жазуучусу Чингиз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган семинар өткөрдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Иш-чарада Айтматовдун сүрөттөрүнүн жана япон тилине которулган китептеринин презентациясы көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Ч. Айдарбеков эки тараптуу мамилелердин жетишкендиктери жана ушул жылда өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.
Семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети тууралуу маалымат менен таанышышты. Эки тараптуу узак мөөнөтү жана натыйжалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында сумо спортсмендери, кол-күрөш жана башка күрөштөр боюнча спортсмендерден жана судьялардан турган көп сандагы Япон делегациясынын катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Япониянын музыканттары жетектеген ар-кандай өлкөлөрдүн ооз комузчуларынын ансамблинин келиши күтүлүүдө. Кыргызстанга баруу сунушун катышуучулар ыраазачылык менен кабыл алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ