Menu

Дүйнөлүк маданият өкүлдөрү Сенцовду колдошууда

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк маданияттын жүздөн ашуун өкүлү абакта ачкачылык кармаган украин режиссеру Олег Сенцовду колдогон билдирүү таратты. Алар өнөр адамын тезинен бошотуу үчүн ЕБ жана БУУну Орусияга басым жасоого үндөштү.

Билдирүүдө Сенцовго чыгарылган өкүм “ой жүгүртүүгө жана чыгармачылыкка кол салуу” катары бааланып, режиссер коммунисттик режим учурундагы диссиденттер Василий Гроссман, Александр Солженицын менен салыштырылган.

Кайрылууга белгилүү француз режиссеру Жан-Люк Годар, “Алтын пальманын” эки жолку ээси, британ режиссеру Кен Лоуч, “Оскар” сыйлыгынын жеңүүчүсү, канадалык режиссер Дэвид Кроненберг жана Франция маданият министри Франсуаз Ниссен да кол койгон.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны “жарым аралда теракт даярдаган” деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Өткөн аптада Сенцовдун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта “Фейсбуктагы” баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда “абалым өтө начар” деп жазганын чыгарган. “Ал жакындап калганын жазды – бирок ал мөөнөтү бүтүп калганын эмес, көрөөр күнү, ичээр суусу бүтүп баратканын айтып жатат” деген Каплан.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы режиссердун абалы канааттандыраарлык экенин билдирген.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: