Menu

Мурадыл Ганиевич, соттук ишке саясий түс берүүдөн алыс болсоңуз кантет?

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Мурадыл Мадеминов кечээ жакында УКМКнын абагында жемкорлукка айыпталып жаткан чиновниктердин абалы менен таанышып, алардан чыгары менен «булар саясий өңүттө камалган» деп тарс жарылды. Албетте, эл өкүлүнүн ич күптүсүн туура түшүнсөк болот, себеби экс-президенттин аркасы менен эки ирет мандатка жетип, 10 жылдай «табакташ» жүрүп, бир топ май-талканга маарыды. Азыр КСДПнын орун басары. Анан эми абийир деген нерсе тынч жаткырбайт да, аргасыздан «саясий өңүт» дегенге жамынып, аласа-бересени актаганга аракеттенгендей таасир калтырууда.

Ошол маалда айтылган сөздүн өзүнө азыноолак токтоло кетсек, Мурадыл мырза коррупция менен айыпталгандар шарты начар жайда кармалып жатканын жар салып, бүгүнкү бийдикке доомат артканга аракеттенгени байкалган. Бул акылга сыяр, суу кечер жүйө эместигин окуя эскирип кетелекте эсине салып койгонубуз дурус болот. Анткени, алар үчүн атайын шарты начар камералар тандалып алынган эмес. Буга чейин деле шектелгендердин баары так ошол камераларда кармалып, соттун чечимин күтүп келген. Анан эл өкүлү асмандан түшкөндөй ой жооруп, «Союздун кезинде камералар 1 адамга ылайыкталып курулган, азыр анда 3төн киши жатат» дегени кызык жагдайды жаратты. Биринчиси, абак деген курорт эмес, анын шарты ошондой болот. Экинчиси, бул киши мамлекеттеги көйгөйлөрдү билбейт окшойт, азыр 100 адам кармалчу абакка 150 адамды киргизгенди мындай кой, 100 бала тарбияланчу бала-бакчага 500 баланы, 500 бала окуй турган мектепке 1000 окуучуну батырып келе жаткан чагы. Эгер жарыктык киши андай эле кармалгандардын ден-соолугуна кабатыр болуп жатса эмне үчүн жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан башка жарандар кандай шартта жашап жатканына кызыкпайт? Эки чакырылыштын депутаты болуп иштеп, абактын алдына бир ирет да басып барбай, анан эми тызылдаганын кандай түшүнөбүз?

Мындан сырткары депутат Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев жана Салайдин Авазовдун ден-соолугуна токтолуп, эртең-бүрсүгүнү өлө тургандай кеп кылыптыр. Биздеги чиновниктердин шылтоосу баарына маалым, иштегенде куландан соо жүрүп, камалса эле илдет жабышат да калат. Эгер андай оорулуу болсо, кызматка келип элдин казнасы кол салбай, үйүндө тынч жатпайбы. Эмнеге жүгүрөт? Албетте, камак дегендин азабы күчтүү, кан басымды көтөрөт, арыктатат, өңдөн аздырат, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Арийне, алардын баардыгын дарыгерлер көзөмөлдөп, текшерип турат. Ошончолук эле кыйналып баратса ооруканага которуп, тийиштүү медициналык жардамды көрсөтөт. Аны Артыкбаев менен Текебаевдин мисалынан көрдүк. Асыресе, Мадемин мырза ошол шылтоо менен коррупцияга айыпталгандарды үйлөрүнө чыгарып ийүүгө далбастаганы байкалат, бул аша чапкандык экенин баса белгилеп койолук. Бир кезде Батукаев дегенди качырып биздин оозубуз күйүп калган. Эске сала кетерибиз, саламаттыгы начарлады деген жүйө эч качан коюлган айыптарды жумшартууга негиз боло албайт. Миллионду жегени далилденген ууру кандай болгон күндө да эл алдында өз жазасын алышы шарт.

Депутат Мадеминов: «Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынбаптыр. Бул тергөөчүлөрдун колдорунда эч нерсе жок дегенди билдирет. Алардын качып кетейин деген ойлору жок, анткени алар өздөрүн күнөөлүү деп эсептешпейт. Ошондуктан аларды үй камагына эле чыгарыш керек» деп опурулганын көрдүк. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дегендей, эч ким күнөөсүн мойнуна албайт. Анан Мадемин мырзанын логикасына ылайык өздөрүн күнөөлүү эмесмин дегендерди бошото берсе, камакта эч ким калбайт. Экинчиси качайын деген ойлору жок дейт, бирөөнүн оюна ким кепилдик бере алат? Буга иниси Аскарбек Шадиевдин качып кеткени «тирүү» мисал го. Сатыбалдиевдин суракка алынбай жаткандыгынын чын-бышыгы күмөн. Ал азыр карандай калпты шыпыртып, “оозун куу чөп менен аарчый берет”. Ал эми жалпы журт тергөө иштеринин тыкыр, дыкат жүрүп жатканын билет. Миллиондогон долларлар жоголгону билинген. Эми сотто гана күнөөсүз же күнөөлүү экени далилденет. Андыктан Мадеминовго окшогон депутаттар тергөө иштеринин жүрүшүнө шек келтирбей, өз алдынча бутүмүн чыгарбай, ишке саясий түс берүүдөн алыс болуп турганы оң.

Камчы Кадыров

Булак:  De – Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: