Menu

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

Бөлүшүү:

Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Транспорт тармагында өмүр бою иштеп жаткан адис»

—Кыргыз өкмөтүндө туруктуу иштеп келе жаткан жетекчинин бири дал ушул министр Жамшитбек Калилов. Транспорт тармагындагы биз билген жана билбеген бир нече маселелер бар. Айтылып жаткан сын-пикирлерди туура кабыл алып, кемчиликтерди жойгонго аракет кылган сапаты бар. Сырттан туруп алып сындоо эң оңой бирок аткарууга келгенде татаал экенин баарыбыз билебиз. Өзүн курулай пиярлабай, журналисттердин суроосуна жооп бергени болбосо ишине чоң жоопкерчилик менен карайт. Анын үстүнө башка министрлердей кайсы бир партиянын квотасы менен асмандан түшүп кызматка келген эмес. Өзүнүн эмгеги менен транспорт тармагында өмүр бою иштеп жаткан адис. Менимче учурдагыдай мыкты иштесе дагы бир топ иштерди алдыга жылдырса керек.

Арзыбек Кожошев, экс-министр: «Министрликтин иши оор жана жоопкерчиликтүү»

—Жамшитбек Калилов менен тээ Ош-Бишкек жолу салынып жаткан убакта таанышкам. Себеби ал дал ушул жол салуудагы чоң жоопкерчилиги бар адистердин бири болчу. Өз ишин мыкты билип, депутаттардын суроолоруна так, даана жооп берип жүрөт. Биз менен өкмөттө иштегенде дагы курулай популизмге барбай, бюджеттин акчасына карап колунан келген иштин баарын жасап жатат. Транспорт министрлигинин милдеттери аябай оор жана жоопкерчиликтүү. Себеби эл анын баарын көзү менен көрүп, сындап турушат. Жолдор туура жасалууга эч бир кемчилик кетпөөгө тийиш. Билген кишиге Жамшитбек агабыз келгенден бери иштин баары алдыга жылды, буйруса дагы көп жакшы нерселер жасалат.

Алмазбек Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Кытайдан бир топ жыл иштеп тажрыйба топтон келген»

—Транспорт министринин ишин карай турган болсок эң жакшы. Министрликтин буга чейинки жаман аттысы жоюлуп, ызы-чуудан бир аз арылып иш кылып жатканы байкалып жатат. Мунун баардыгы эле министр Жамшитбек Калиловдун иш билгилиги да. Анын үстүнө министрди башка жактан эмес, дал ошол тармакта көп жыл эмгектенген адам катары дайындашкан. Кытайда да көп жылдар бою тажрыйба топтоп иштеп келгенин жакшы билебиз. Бир гана жери салынып жаткан жолдордун кечиктирилип жатышы көйгөй болууда.

Алга Кылычев, жарандык активист: «Министрлерге сын такпайм»

—Учурда мамлекетибизде иш токтоп калды, баары жаман дебейм. Министрлерге дагы сын такпайм. Себеби алар иштеп жатышат. Мен Жамшитбек Калиловду Атамбаевдин убагындагы министр катары билем. Азыркы бүтүп жаткан проектилердин баары ошол убакта башталган. Анан министр өзү тармакты жакшы билет. Эң мыкты иштеп жатканын көрүп жатпайлыбы. Буйруса жакшы иштердин баары алдыда. Болгону эч ким кимдир бирөөнүн жасап кеткен ишин ээлеп албашы керек.

Талантбек Батыралиев, экс министр: «Адамгерчилигине жогору баа берем»

—Өкмөттө иштеген мезгилимде Жамшитбек Калилович менен иштештим. Бизден ал киши өзүнүн тыңдыгы, акылдуулугу, маселени өкмөткө так, даана коё билгендиги жана депутаттардын суроолоруна тайсалдабай, такалбай жооп бергени менен айырмаланчу. Транспорт тармагында кантип жана кандай иштеди, аны айта албайм. Себеби транспорт боюнча менин таптакыр түшүнүгүм жок. Бирок ал кишинин адамгерчилигине жогору баа берем. Өзүн тыкан алып жүрөт, баардык адамды уга алат, иштерман, акылдуу деп койсом аша чаппайм.

Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Калиловдун токтоолугун баалайм»

— Парламент, өкмөт жана коомчулук төрт көздөп карап турган министрликти башкаруу абдан оор. Анын үстүнө кичине маселе чыкса комитет менен жыйындан колу бошобой министр Жамшитбек Калилов чуркап жүргөн болот. Министрдин мен баалаган сапаты бул анын токтоолугу. Качан болсун эмоцияга алдырбайт, суроолорго кыска так жооп берет, ошол эле убакта маселени так даана коюп, жада калса чечүү жолдорунда таап келет. Башка министрлер акча жок деп олтура беришет эмеспи. Мен андай сапатты Жамшитбек Калиловичтен байкай алган жокмун. Аракет кылып чуркап, колунан келишинче иштеп жатат. Анын жыйынтыгын азыр эмес, убакыт өтсө гана билебиз.

Баян Кулова

Булак:  De – Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: