Menu

Кытай окумуштуусунун Кыргызстанга сапары

Бөлүшүү:

«Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясынын ачылып иштеп жатканына эки жылга жакындап калды. Мына ушул убакыт ичинде биздин компания кытай адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн 50гө жакын китептерин кыргыз тилине которуп, жарыкка чыгарды. Кытай адабияты дегенде жарытылуу деле билбесибиз анык. Мунун өзүнүн объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мына ушул кенемтенин ордун толтурган биздин компания болмокчу. Жакында, тактап айтсак, 7-9-сентябрда Бишкек шаарына Кытайдан Пекин педагогикалык университетинин профессору, маданият таануучу, Пекин педагогикалык университетинин маданияттагы инновация жана таратууну изилдөө институтунун директору, Пекин педагогикалык университетинин Көркөм өнөр жана Массалык маалымат каражаттары институтунун партиялык комитетинин катчысы, проректор Юй Дань келмекчи. Эки күндүк сапарда ар тараптуу иштерди аркалаган кытай окумуштуусу Бишкек шаарындагы биздин «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясына караштуу «Шанс» китеп дүкөнүндө жана Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар жана окутуучулар жамааты менен жана «Шанс» китеп дүкөнүндө кытай таануу факультетинин студенттери менен жолугуп, баарлашмакчы. Төмөндө Юй Дань тууралуу маалымат бере кетели. Жолугушууга кызыккандар келсе болот.

Пекин педагогикалык университетинин маданияттагы инновация жана таратууну изилдөө институтунун директору, Пекин педагогикалык университетинин Көркөм өнөр жана Массалык маалымат каражаттары институтунун партиялык комитетинин катчысы, проректор, Борбордук маданияттагы инновация жана маданий байланышты изилдөө жана иштеп чыгуу институтунда директор кызматтарын аркалап келет. Кытай Коммунисттик партиясынын мүчөсү, Пекин шаарындагы элге кеңеш берүү мекемесинде мүчө, Кытай Коммунисттик Партиясынын XVIII сьездинин өкүлү болгон. Белгилүү телеберүүнүн долбоорлоочусу, Кытай телевидениесиндеги «Насаатчы» катары белгилүү. Ошол эле маалда ал байыркы маданиятты кеңири жайылтуучулардын бири. Борбордук телевизиондук станцияда (CCTV) «Баардык адистердин форуму», «Маданий көз караш» жана башка программаларды, «Лунь Юйдун (Ойлор жана маектер) жыйынтыктары», «Лунь Юйду (Ойлор жана маектер) жүрөгү менен сезүү» жана башка бир катар дарстар аркылуу салттуу маданиятты кеңири тараткан. Канондук китептердеги кытай элине таандык рухий генди кыймылга келтирип, өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү маданият, билим берүү чөйрөлөрүнө кеңири таасир тийгизген. Биздин өлкөнүн ичиндеги аймактарда, Гонконг жана Тайвань, ошондой эле АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Малайзия, Бразилия, Жаңы Зеландия, Австралия жана башка мамлекеттердин аймактарында миңден ашык салттуу маданият берүүлөрүн өткөрүп, көптөгөн жакшы деген пикирлерге жетишкен. Ошону менен бирге өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдөгү элдердин канондук китептерди окууга болгон ынтызарлыгын жогорулаткан. «Юй Дан. «Лунь Юйдун (Ойлор жана маектер) жыйынтыктары», «Юй Дан. «Чжуан-цзы» тууралуу жыйынтыктар», «Юй Дандын «Бакчадагы сейилдөө жана үзүлгөн түшү» – куньцюй искусствосун эстетикалык кабыл алууга саякаттоо», «Юй Дандын «Лунь Юйду (Ойлор жана маектер) жүрөгү менен сезүүсү», «Юй Дандын карапайым калкка болгон кызыгуусу», ошондой эле «Юй Дань эң керемет байыркы поэзияны кайрадан эскерет» аттуу чыгармалары белгилүү болуп саналат. Алардын арасында «Юй Дандын «Лунь Юйду (Ойлор жана маектер) жүрөгү менен сезүүсү» аттуу китеби Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун автордук укугунун алтын медалына ээ болгон. Өлкө ичиндеги сатуулардын жалпы жыйындысы 60 миллион нускага жетип, көп жолу кайрадан басылып чыккан.

КААРМАНДЫН МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Кытайдын салттуу маданияты кынтыксыз жана кемчиликсиз, ошондуктан суктанууга татыктуу. Салттуу классикалык чыгармалардын бүгүнкү күндө окулбаганы жана үйрөтүлбөгөнү азыркы адамдардын эң чоң кемчилиги. Белгилүү философ, «Лунь Юйдун бүгүнкү күндөгү окулушу» аттуу чыгарманын автору Ли Цзэхоу Юй Дандын (1965-жыл, окумуштуу, жазуучу, окутуучу жана теле алып баруучу) жалпы классикалык чыгармалардын кайрадан жандануусуна кошкон салымы жөнүндө «Юй Дань үстүңкү катмардагы даражалуу жана төмөнкү катмардагы жөнөкөй адамдардын ортосундагы көпүрө» деп айткан. Юй Дань классикалык чыгармаларды азыркы адабий тилде жазып чыгып, көптөгөн Кытай тарыхын, адабиятын, тилин изилдөөчүлөрдүн кыялын орундатты десек болот. Муну менен бирге классикалык чыгармаларды азыркы адабиятка киргизди.

Профессор Юй Дань философиялык көз караштарды терең түшүнгөн, бул байыркы маданияттын ичинде камтылган жөнөкөй чындык аркылуу азыркы адамдардын сезимин ойготуп, жүрөгүнөн козгой алган. Жаш муундун мүнөзүн, адамдык сапатын жакшыртууга, коомдо достуктун жана ынтымактын түзүлүшүнө өз салымын кошкон. Анын «Юй Даньдын (Лунь Юй) сабактары» аттуу белгилүү чыгармасы дүйнө жүзүндө көп өлкөлөрдө басылып чыккан. 2012-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 28 тилде, 34 нускада жарык көргөн. 21 тилде, 31 нускада басылып чыккан китептердин жалпы соодасы 340 миңге жеткен. Англис (Азия-Тынч океандын аймагы), япон, француз, Голландия, Италия тилдеринде чыккан китептер жакшы сатылган, француз тилинде чыккан китептер жалпысынан 200 миң даанадан ашкан, убагында Францияда башка тилден которулган китептердин соода көрсөткүчү боюнча 25 жума бою алдыңкы орундардан түшкөн эмес. Мындан тышкары, француз тилиндеги нускасынын жөнөкөй мукабалуу китеби, MP3 диски, электрондук китеби чыккан жана радио аркылуу берилген. Китептин ар кандай форматта чыгышы окурмандарга чоң мүмкүнчүлүк түзүп, Кытайдын салттуу маданиятынын кеңири таралышына өбөлгө болгон.

Назгүл Осмонова

Булак:  De – Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: