Сүрөттөгү эстелик Француз Ривьеренин Ментон шаарынын ботаникалык багына тургузулган. Калпакчан кыргыз жаранынын скульптурасы орус устасы Евгений Александрович Лансеренин (1848-1886) эмгеги болуп саналат. Наполеон аскерлеринин урпагы болуп эсептелген орус устасы 1812-жылы согуштан кийин Орусияда калып калган. Ал өз өмүр жолунда түрдүү алтын, күмүш жана башка баалуу буюмдарды жасап скульптуранын чыгаан устасы аталган. Анын талантынан белгилүү, колунда бар адамдар пайдаланып, өз үйлөрүн жана конок күтүүчү бөлмөлөрүн кооздотуп турган. Ал болгону 38 жыл гана жашаган, ошол убакыт ичинде 400гө жакын эмгектик далилдерин жасоого жетишкен. Ар жылы уста Орус империясынын түштүк губерниясы тараптагы өзүнүн эмгектеринин элесин көрүү үчүн барып турган. Анын эмгектеринин ичинде украин, Орто Азияга, Чыгыш Кавказ элдеринин өзгөчөлүктөрү кездешет. “Киргиз с беркутом” аттуу бул эстелик Франциянын императору Александр III кө көрүнүктүү белек катары берилген.
Булак: “Тамчы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ