Menu

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүндү

Бөлүшүү:

«Айыл чарбасын каржылоо»  долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасы – агрардык өлкө, элдин көбү айылда жашашат. Ошондуктан дыйкан жана фермерлик чарбаларга көбүрөөк жардам беребиз. Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо»  долбоорлорунун алкагында аймактардагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашык каражат бөлгөнү – туура чечим», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турган убакта ирригация тармагында ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча зарыл долбоорлор иштелип чыккан.

«Натыйжасында 5 жылдын ичинде эле 26 миң га жер суу менен камсыздалып, ирригациялык инфратүзүм жана бир катар каналдар модернизацияланат. Айыл чарбасын колдоонун маанилүү элементтери – МТСтерди, логистикалык борборлорду жана айыл чарба кооперативдерин пайдадан алынуучу салыктан, айыл чарба продукцияларын экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу болуп саналат», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: