Menu

Түркмөнстан каатчылыкка карабай, кымбат мейманкана курат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан башчысы Ашхабадда баасы жүздөгөн миллион долларлык кымбат мейманкана куруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул арада өлкөдө өз убагында айлык акы, пенсия төлөнбөй, жумушка жарамдуу кишилер чет өлкөгө иш издеп кетүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, “Каракум” бизнес борборун түркиялык компания курат. Курулуш иштерин 2018-жылдын сентябрь айында баштап, 2021-жылы февралда ишке берүү пландалууда.

Дээрлик жети гектар аянтты ээлей турган тогуз кабаттуу мейманкана 87 номерден турат. Отелде оргумалардын комплекси, соода борбору жана 150 орундук ресторан, сулуулук салону болот.

Расмий билдирүүдө долбоор үчүн мамлекеттик бюджеттен канча акча бөлүнөрү так айтылган эмес.

“Каракум” мейманканасын куруу жөнүндө пландар расмий жарыяланганга чейин “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары Ашхабадда 300 миллион долларга отель куруларын маалымдашкан.

Мейманкана долбоорун түзүү тапшырмасы франциялык “Буиг” компаниясына берилгени айтылган. Бирок эки ай мурун компания алгачкы төлөм тууралуу түркмөн бийлиги менен макулдаша албай койгону тууралуу кабар тараган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: