Menu

Тажикстанда жалпы акчанын 80% калктын колунда

Бөлүшүү:

Тажикстандагы жалпы акчанын 20% гана банктар менен каржы мекемелеринде сакталууда, калган 80% калктын колунда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын тажик экономикасындагы абал тууралуу изилдөөсүндө жазылган.

Изилдөөчүлөр анда акчанын 80% өлкөнүн каржы системасынын сыртында калып жатканын белгилешкен.

«Бул калк акчасын банктарга караганда үйүндө сактоого көбүрөөк басым жасай турганын көрсөтүүдө. Ошондой эле мындан элдин банкка карата ишеними төмөн экенин да байкоого болот», – деп жазылган изилдөөдө.

Тажикстан экономикасы көбүнчө чет өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттар которгон акчага көз каранды. Дүйнөдө мындай өзгөчө экономикасы бар өлкөлөр аз эмес экенин белгилеген изилдөөчүлөрдү калктын банк системасына мынчалык аз акча салганы таң калтырган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: