Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын мэри кызматына киришкен Азиз Суракматов мэриянын аппаратынын жетекчи кызматына Балбак Түлөбаевди чакырган. Бул тууралу Балбак Түлөбаев фейсбуктагы өз баракчасы аркылуу билдирди.
Балбак Түлөбаев 2008-2010-жылдарда КР Президентинин Иш башкармасынын орун басары болуп иштеген.
2010-жылдын апрелинен кийин “Аят” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.
2013-жылдан тартып “Аю” арак заводунун ар түрдүү участокторунда иштеп жүрүп, вице-президенттик кызматына чейин көтөрүлгөн.
1992-1997-жылдары Түркияда билим алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ