Menu

Видео – Уюшкан кылмыштуу топ өлтүргөн ишкер Бахтияр Амиржанов атындагы спорт комплексинин ачылыш аземи өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 14-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Бахтияр Амиржанов атындагы “Биримдик” спорттук комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Талант Мамытов жана Бакыт Төрөбаевдер катышып, сөз сүйлөштү.

Комплекс Бахтияр Амиржановдун досторунун чогулткан каражатына курулган жана ал жерде жайы-кышы спорт менен машыгууга болот.

Бахтияр Амиржанов – экс-министр, экс-депутат, Талас жана Жалал-Абад облустарынын экс-губернатору Жусупжан Амиржанович Жээнбековдун уулу. Бахтияр 1974-жылы Жалал-Абадда туулган. Спорт менен активдүү машыккан жигитерден болгон. 1990-жылдардын аягында Москвага алгачкылардан болуп эмгек миграциясына барып, чакан бизнестен баштап, өзү бутуна тургандан кийин Кыргызстанда жумушсуз жүргөн тааныштарынын баарын Москвага тарта баштаган.

2000-жылдардын башында Кыргызстандын уюшкан кылмыштуу топтору Москвада бутуна тура баштаган кыргыз ишкерлерин салык төлөөгө мажбурлоо үчүн өзүнүн эмиссарларын Москвага жөнөтө баштайт.  Андай адилетсиздикке кабылган Бахтияр Амиржанов спорт менен машыккан жердештерин жыйнап, “Биримдик” уюмун уюштуруп, УКТнын басымына каршылык көрсөтөт жана салык төлөшпөй коюшат. Алтургай УКТнын айрым мүчөлөрүн сабап, артка кууп жиберишет.

2005-жылдагы революциядан кийин Бахтияр Амиржанов Кыргызстанга кайтып келет. Бишкекте орношуп, өзүнүн чакан бизнеси менен алектене баштайт. 2006-жылдын күзүндөгү Бакиевге каршы митингдерде айрым митингичилер аны Бакиевге жан тарттың деп сабап коюшкандыгы белгилүү.

2008-жылы 24-сентябрда таңкы саат 7.30.да Бахтияр Бишкектин 7-кичирайонундагы үйүнөн чыгып, уулун 4-кичирайондогу бала бакчасына жеткирип чыккандан кийин унаасы менен кошо уурдалып кеткен. Кылмышкерлер аны бошотуу үчүн чоң суммадагы акча сурашкан.

Бир-эки жыл мурун эле Бахтиярды “Бакиевге жан тарттың” деп сабагандар эми “Бахтиярды Бакиев уурдатты!” деп кыйкырып чыгышат.

2009-жылы 9-июлда КР Ички иштер министрлиги Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Улан Кожоевди кармашып, ал Бахтияр Амиржанов өлтүрүлүп, көмүлгөн жерди көрсөтүп берет. Ошондой эле ал Бахтиярды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ж.Зикирбаев, А.Жумабаев жана К. Жуманазаров менен бирдикте уурдашып, өлтүрүшкөнүн мойнуна алып айтып берген.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: