Menu

Валютачы ишкерди сайып өлтүрүп, кат таштап кеткен кылмышкер кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда акча алмаштырып, бизнес жасаган ишкерди артынан сайып өлтүрүп, анан маркумдун машинасына кат жазып таштап кеткен кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициядан билдирүү таратышты.

5-август күнү болжол менен саат 14:15те Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Булак айылынын тургундарынан кабар келип түшкөн. Жетип барган милициянын ыкчам-иликтөө тобу аныктагандай Жалал-Абад шаарынын 1967-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну өзүнүн “Тойота Аурис” үлгүсүндоү унаасы менен Кара-Суу базарынан Жалал-Абад шаарына кайтып келатып, жол тосуп турган 30-35 жаштагы таанышын машинасына салып алат.

Арткы орундукка олтурган жүргүнчү Миң -Өрүк айылынын аймагында айдоочу А.Д.га артынан бычак менен кол салат. Айдоочу унаасын токтотууга аракет жасап, айылдагы кыш заводунун тушундагы электростолбду сүзүп токтойт. Кылмышкер алчусун алып, унаанын ичине “Бирөөнүн жубайы менен жүрсөң, мамиле кылсаң, ушундай болосуң” деп мурдатан жазылып даярдалган катты таштап, качып кетет. Жаракат алган А.Д. ооруканага жеткирилип, бирок ал жерде каза болот.

Облустук криминалдык милициянын кызматкерлери 12-августта бул кылмышка шектүү, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Жаркыштак айылында 1982-жылы туулган Ш.М. аттуу Россиянын жаранын кармады.

Маркум А.Д. 15 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруучу жайда бизнес кылган ишкер болгон. Ал эми кылмышка шектүү Ш.М. жазып калтырган кат милицияны кылмышты иликтөөдө адаштыруу үчүн атайын жазганы белгилүү болду.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: