Menu

КР ИИМ коңшу өлкөлөрдө балдар менен өспүрүмдөргө коркунуч жараткан “Момо” деген оюндун тарап жаткандыгын эскертет

Бөлүшүү:

Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттары өспүрүмдөр үчүн коркунучтуу болгон “Көк кит” оюнуна окшош “Момо” жаңы оюну социалдык тармактарда тарап жаткандыгы боюнча эскертүүчү маалыматты таратышкан. Момо оюну WhatsАpp мессенджери аркылуу аркылуу жайылууда. МОМО каймана аттуу колдонуучунун башкы
сүрөтүндө 2016-жылы ужастар тууралуу галереясында коюлган япон скульпторунун ишинин сүрөтү жайгаштырылган. Оюндун башчылары өспүрүмдөргө зомбулук боюнча сүрөттөрдүн топтомдорун, андан соң буйруктарын аткарууга түрткөн коркутууларды жазуу түрүндө жөнөтүшөт. Ушуга байланыштуу, ушул сыяктуу оюн жалпыга тароону алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги “Момо” оюнунун балдарга менен өспүрүмдөргө коркунучтуу экендигин эскертет. Латын Американын кээ
бир өлкөлөрүндө ушуга байланыштуу тынчсыздандыруулар болуп жатат. Эстеп калуу керек: WhatsАpp мессенджериндеги контакта Момо пайда болсо, тез арада өчүрүп же сиз менен байланышуусуна бөгөт коюп салыңыз. Интернет мейкиндикте тарап жаткан коркунучтуу оюн боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Ата-энелер
балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна кайдигер болбой, башка бирөөнүн баласына дагы коркунучтар жарала турган болсо да кырсыктарды алдын алууга милдеттүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: