Menu

АКШда соттолгон өзбек жаранынын жаза мөөнөтү 20 жылга узартылды

Бөлүшүү:

Ислам экстремисттик тобуна жардам көрсөтүү айыбы менен соттолуп, АКШ түрмөсүндө жаткан өзбек качкынынын жаза мөөнөтү дагы 20 жылга узартылды.

Соттук отурум учурунда ал Америкага болгон жек көрүү сезимдерин билдирип, жасаган ишине өкүнбөй турганын айткан. Курбанов киши өлтүрүүгө аракет жасаганын мойнуна алган.

Лос-Анжелесте Фазлиддин Курбановго карата сот өкүмү 14-августта чыкты. Прокурорлордун билдиришинче, Курбанов 2016-жылы бычак жасап, Калифорния штатынын федералдык абагында түрмө сакчысына кол салган.

Оор жаракат алган түрмө сакчысы Кельвин Жонсон аман калган. Курмановдун кол салуусунан андан тышкары дагы эки кызматкер жабыркаган.

Курбанов 2016-жылы январь айында “Өзбекстан ислам кыймылы” тобуна материалдык жардам көрсөтүүгө айыпталып, америкалык сот тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган. АКШ бийлиги билдиргендей, Курбанов ага чейин, 2013-жылы Кошмо Штаттар аймагында аскер жана карапайым жарандарга кол салуу үчүн бомба жасоого аракеттенген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: