Menu

Сонунбүбү Кадырова: Жээнбеков таңууланган саясат жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

– Сонунбүбү эже, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеши 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Мындан жарытылуу жыйынтык чыгат деп ишенсек болобу?

– Стратегияны кабыл алып жатышканда бул Жээнбековдун чыныгы жүзү эмес, таңууланган долбоордой таасир калтырды. Эгер президенттин эркине койсо мындай стратегиялык пландарды башкача жол менен кабыл алмак. Жээнбековдун абалын эстегенде эсиме кайсы бир акылмандын сөзү түштү. “Сен караңгыда жол таап басыш үчүн сөзсүз эле айды көтөрүп алуунун кереги жок, кичинекей шам кармап алсаң деле жетчү жерге жеткирет”- деген. Мага бул план “караңгыда айды көтөрүшүм керек, айланамдын баарын көрүп туруш үчүн деп айды издеп бир ордунда убара болуп турган адамды элестетти. 40-жылга чейинки багытыбызды ишке ашыруу үчүн мынча сом керек болот экен деп да айтылып кетти. Булардын баары турмуштук тажрыйбасы аз, эмне иштээрин билбеген, керек болсо такыр эле иштегиси келбеген бир жалкоонун иши. Иштейм, элиме жакшылык кылам деген адам өз мөөнөтү бүткүчө эмне иш кылат, кандай реформа жасайт, Кыргызстаныбызды сормо саздан кантип сууруп чыга алат, ошого жараша иш кылса өзүнө да, башкаларга да жеңил, элге да ачык болмок. Ток этээри иштегиси келбеген адамдын программасы узун болот дегендей эле болуп калды.

– Президент Сооронбай Жээнбеков “сүйлөгөн сөзүбүз менен кылган ишибиз дал келбей жатат. Талапты өзүбүздөн баштасак, тез эле өнүгөбүз. Мамлекетте өнүгө турган бардык шарттар бар”- деди го…

– Албетте, сүйлөгөн сөздөрү эл көп жылдан бери уккусу келип суусап жүргөн сөздөр болуп атат. Чын эле өзү сүйлөп атабы деп карап калам кээде. Андай чын жүрөктөн чыккан сөздөрдү кагаз карабай айтып жатат. Демек, жүрөгүндө, жан дүйнөсүндө ошондой нерсе бар. Бирок, көп жылдан бери биздеги башкаруу системасы чирип, эркин ойлондура койбой, эркин иштете койбой, байлап-тушап турган карөзгөй системага айланып калган. Бир жолу угуп калдым, “Биз аракет кылып атабыз, бирок кыйын экен, күнү-түнү иштешке туура келип атат”- деди. Болгону Жээнбеков жалгыз болуп атканын таңазар албай жатат. Тегерегин жаңы, кесипкөй, мамлекетке чыныгы ниети менен кызмат кылам деген кыргыздын уул-кыздары менен толуктап, баары бир адамдай иштесе гана майнап чыгат. Тегерегиндеги жеп-ичкен эски крысалардан арылмайын иши илгерилебейт. Ошон үчүн өзүбүздөн баштайлы деп жатат окшойт. Антпесе, президент жакшы сөздөрдү сүйлөй берип, бири да ишке ашпай аягында уят болуп калышы ыктымал.

– Коррупционерлерден чогултуп алынган каражаттар кайсыл тармакка жумшалса дейсиз?

– Коррупционерлерден чогултулган каражат ошол Кытайдан алган карызга төлөнсө деп ойлойм. Буга чейин деле жетим болгон, жесир болгон. Акча аларга таратылгандан кийин деле токтоп жоюлуп кетпейт. Ошон үчүн Кытайдан алыс болуу үчүн карызды төлөшүбүз керек.

– Сонунбүбү эже, эмне иш менен алек болуп жатасыз. Социалдык сеттерде элечекчен энелердин сүрөтүн көрүп жатабыз. Жаңы долбоор баштадыңызбы?

– Мен азыр «ЭНЕЛЕР ЖОЛУ» кыймылын түзүп, ошону менен иштеп жатам. Бул кыймыл элибиздеги унутулуп бараткан нарк-насилди калыбына келтирип, энелердин эне касетин ойготуп, эненин ыйыктыгын эске салып , жергебизде тең салмактуулукту калыбына келтирет буйруса. «Аял -козголсо, аалам козголот»-деген улуу сөз бар. Биз, энелер өз жүзүбүздү тапсак, кыргыз өз жүзүн табат деген тилекте иш кылып жатам.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: