Menu

Атамбаевдин уулдары Сейтек менен Сейитбек Атамбаевдерге кылмыш иши козголобу?

Бөлүшүү:

Алдыңкы планда сол жакта Сейтек Атамбаев, ал эми оң жакта Сейитбек Атамбаев.

Атамбаев бийлик башында турганда Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнис Карыбековдор оппозициянын башында болуп, андагы ажонун уулдары Сейтек менен Сейитбек энергетикалык тармактагы “ширшовдук” схеманы мурастап алып, кыргыз элинин ырыскысын уурдап, байып жатышканын ачык айтып чыгышкан.

Минтип ачык билдирүү жасаганы үчүн бул үч оппозиционер тең камакка алынып, азыркыга чейин акыйкаттуулукту күтүүдө. Бирок, Атамбаев кеткени, булар баштаган теманы айтып патриот көрүнгүсү келгендер көбөйдү. Мурда коркконунан ыштанын булгап алчу эксперттердин ойгонуп, “тревога” көтөргөнү жакшы. Кеч болсо да чындык айтылышы керек да. Айрым маалыматтарга караганда, Сейтек мамлекеттен жыл сайын 400 млн киловатт-сааттан ашык электро-энергияны 36 тыйындан алып турган. Аны ал кайра өзүнө таандык ишканалар аркылуу элге 77 тыйындан, лимиттен ашканда 2 сом 16 тыйындан сатып турганы айтылууда. Ошондо ал жылына жок дегенде 150 миллион сом таза киреше таап жүргөнү угулду. Эми биздин угушубузга караганда, АШАнын уулдарынын энергетикадагы мафиясына байланыштуу УКМК кылмыш ишин ачууга камданып жатыптыр. Ошондо экс-президенттин уулдары да камакка алынабы?

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: