Menu

“Жерүй” алтын кенинин инвестору “Русская платинага” суроо көп…

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө “Жерүй” алтын кени 20 жылдан бери ишке ашырабыз деп бийлик убада кылып келе жаткан долбоорлордун катарына кирет. Эске салсак, “Жерүй” алтын кенин ар түрдүү инвесторлор иштетүүгө аракет кылып көрүштү, бирок эч кимисинин колунан келген жок.

“Русская платинанын” филиалы “Альянс Алтын” 2015-жылы 28-августта “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон лицензия алышкан. Конкурстун шарты жана №1-лицензиялык келишим боюнча, “Альянс Алтын” 2018-жылдын 28-апрелине алтын иштетүүчү фабриканы куруп бүтүп, 2018-жылдын 28-сентябрына 50% өндүрүштүк кубаттуулугу менен ишке кириши керек болчу. Бирок, бүгүнкү күнү биз эмнеге ээ болдук?

Фабриканын курулушу баштала да элек. Кен иштетүү боюнча Мамлекеттик комитеттин “Альянс Алтынга” салган айып санкциясы буга күбө. Белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик комитет көпкө ойлонгондон кийин, компанияны 500 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди, 5 айга, айына 100 миң доллардан (2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын апрелине чейин).

Бирок, ММКда бир гана айып санкциялары эмес, конкурстун жана лицензиялык келишимдин шарттары тууралуу маселелерди көтөрүп жатышат. Биз да суроо берип көрөлү. Эгерде конкурстун шартында фабриканы 2018-жылдын 28-апрелинен кечиктирбөө шарты каралган болсо, анда эмнеге “Альянс Алтын” фабриканын курулушун кечеңдетти? Конкурстун шарттарын өкмөт бекиткен болсо, анда бул шарттын бузулушун өкмөт караш керек эле да. Белгилүү болгондой, башында эле компанияга төмөнкүдөй талаптар коюлган техникалык долбоорду иштеп чыгуу жана 2016-жылдын 28-августуна чейин фабриканын курулушуна уруксат алуу. Белгиленген мөөнөттө компания аткара алган жок. Бирок, “Альянс Алтындын” мөөнөтүн дагы бир жылга узартышты, бирок бул тууралуу конкурстун шартында каралган эмес. Андан сырткары, “Альянс Алтын” фабриканын курулушун дагы эле баштабагандыгы, алтурсун подрядчиктер менен келишим да түзбөгөндүгү өздүк булактар аркылуу белгилүү болгон. Техникалык долбоордун мөөнөтүн жана фабриканын курулушуна уруксат документтерди алууну узартууга мүмкүнбү, булар конкурс шарттарында каралганбы? Лицензиялык келишимде мөөнөттү узартуу каралган күндө да ал мыйзамсыз болсо, анда компаниянын бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү мыйзамдуубу? “Альянс Алтындын” мурунку 9 ай токтоп турган убактысына айып пул салынабы?

Айына 100 миң доллардан дебеди беле, анда компанияга 900 миң доллар төлөөгө туура келмек. А балким бул россиялык инвестор лицензияны кармап турганга аракет кылып жаткандыр, кийин “Жерүйдүн” лицензиясын сатып жибериш үчүн? Мындай чиркешкен нерсени аягы жакшы болбойт бул 1000 жумушчуга берилген убада, бирок жумуш орун али жок. Бюджеттен болсо акча кетип жатат. Андан да, ар кандай мөөнөттү узартуулардын кесепетинен КР 2018-жылкы бюджети “Жерүйдүн” ишмердүүлүгүнөн өз убагында маалымат ала албай жатат.

Көрүп тургандай, бул азыркы лицензиатка тийешелүү бир эле көйгөй эмес. Суроолор канчалык көп туулган сайын бул компанияга жана ага тийешелүү органдарга күмөндүү  ой жаралат.

А.Сарыкашкаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: