Menu

Азимбек Уразов: Тендер тартибин жөнөкөйлөштүргөн оң

Бөлүшүү:

Союз мезгилинен бери татынакай жана абдан үзүрлүү иштеп жатышкан поликлиникаларды чачыратып, акырында биротоло талкалап айла куруганда моминтип үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун түзүүнүн таптакыр кажети жок эле. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында тендер системасын заман талабына жараша азыркыдан дагы жөнөкөйлөштүрүү абзел! Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалынын башкы дарыгери Азимбек Уразов кабарчыбызга курган маегинде булар туурасында өз турумун төмөнкүчө ачыктады.

– Азимбек мырза, тээ Совет доорунда узак жылдар бою араң калыптанган поликлиника системасын эгемендик жылдарында кайра куруунун зарылчылыгы бар беле?

– Албетте, жок болчу. Бул калыптанган системаны ошол эле тейде кармаганыбызда, өзү заман талабына жараша бат ыңгайлашып, анан бара-бара өнүкмөк. Маселен, биздин мекемени – Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалын “Жол курулуш” жоопчкерилиги чектелген коомунун карамагына энчилишкен. Ошондуктан, бир гана тармактын кызматкерлерин тейлечүбүз.

А азыр заман талабынан улам мындай чектөөдөн кутулуп, аймакты байырлашкан 21 444 жаранды бүт тейлеп жатабыз. Буга улай аймагыбыздагы учук дартына кабылгандар дагы биздин туруктуу каттоообузда жана көзөмөлүбүздө турушат. Буларды 0,25 ставкадагы атайын медайым тейлөөчү, азыр анын маянасын толук кандуу төлөй турган деңгээлге жеткирдик.

– Кебетесине караганда Ош шаарындагы үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун №9-филиалынын имараты абдан эскиргендей таасир калтырат экен?

– Туура эле баамдапсыздар. Мекемебизде көп жылдар бою ремонт боло элек. “Жол курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишеним катынын негизинде быйыл аны өзүбүз заманбап ремонттоону чечтик. Коротулган бүт чыгымды республикалык бюджет көтөрөт. Тендерге беш фирма катышты эле, акырында үчөө сынактан дээрлик ийгиликтүү өттү. Бирок, тигил тендерден жыгылган эки фирма мындай чечимге нааразы болуп, тиешелүү жактарга даттанышыптыр. Буга эми Бишкек гана акыркы чекитти коймокчу.

– Ушинтип олтурушса, мекемеңиздерди ремонттоо дагы кыйлага эле созулчудай?

– Жашырып не. Биздин өлкөдө тендерди өткөрүү тартибин дээрлик чукул арада абдан жөнөкөйлөштүрүү абзел! Бул, чындыгында, тендер деген – накта бут тосуу жана бюрократия! Убакыттан уттуруп, болбогон эле нерселерге бекер нерв коротуп олтурабыз. Минтип жүрсөк, эзели өнүкпөйбүз! Акыры жемкорлуктун туткунунда гана дагы калып кетебиз, эй!

– Адистердин кесипкөйлүк сапатын жана деңгээлин кайсыл критерийлердин негизинде баалап келатасыздар?

– 21-сентябрда Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалында мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы (МАК) жүргүзүлөт. Дасыккан кесипкөйлөрдөн куралган текшерүү биздеги дарыгерлерибиздин, башка медициналык кызматкерлерибиздин кесиптик дараметин дыкат текшеришет. Анан акырында булардын жөндөмүнө дагы калыс баа беришет. Ошондой эле мекемебиздин имаратына дагы өздөрүнүн ой-пикирлерин жар салышат.

– Дагы баамдаганыбыз: жумуш ордуңуздар деле канаттандыраарлык эмес экен го?

– Ооба. Жылытуу системасы таптакыр жок! Кыш бою ар бир бөлмөдө электр жылыткычтарын иш маалында кадимкидей эле жагабыз. Үстүбүз бүт менчик турак жайлар. Алар дагы биздей эле токту абдан көп урунушат. Ошондуктан, буга чыдабаган трансформаторлор кышында катарынан күйүп, куп айлабызды кетирет. Менимче, бизге автономдуу электр түйүнүн уюштурушса, мындан баарыбыз эле утмакпыз.

– Азимбек мырза, коомдо жашап туруп андан тышкары болууга дегеле мүмкүн эмес! Демек, президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аёосуз күрөшүн кубаттайсызбы, же?…

– Жемкорлукка каршы күрөштү кезектеги эле өнөктүккө айландырбастан, аны ырааттуу түрдө улантуу абзел! Ошондо гана муну жапырт эл колдойт. Мындан тышкары жемкорлукка айыпталгандарга жеген-ичкендерин бүт кустуруп-төлөтүп, мамлекет казынасын толтурган оң. Ансыз баарын чекесинен камагандан дегеле майнап чыкпайт!

 Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: