Menu

“Маңкуртолог” келесоолорду дарылайт

Бөлүшүү:

Өлкөбүздү келесоолор, чалакайымдар басып кетти. Айрыкча элдин ырыскысына колун салып байып кеткендердин ичинен акылынан адашкандар арбып кеткени даана байкалат. Ошондуктан коомчулукта эбегейсиз кооптонуу пайда болду. Минтип отурсак мамлекет өнүкпөй эле маңкурттардын мекенине айланып кетебизби деген коркунучтан улам алдын-алуу иштерин жүргүзүүгө туура келди. Сөздүн акыйкатына келсек келесоо деген оору элге да, өлкөгө да абдан кесепети тийген капсалаңдуу дарт. Аны менен жалаң жемкорлор, жегичтер, сугалактар, ач көздөр оорушарын да баса белгилеп кетели. Акчасы самандай көп болсо акылдын кереги жок болуп калат турбайбы? Баарын эле акчага такап бүтүрүп алчу көпөстөрдүн ишин ошол билимдүүлөр чуркап бүткөрө берсе келесоолор неге ойлонмок эле?

Жакында жапандардын алдыңкы тажрыйбасына каныгып келген адис өзүнүн кабыл алуучу бөлүмүн ишке киргизди. “Маңкуртолог” деген кесипке ээ болгон Алыпсалар Билбесовдун сунушуна макул болбосок бөөдө баарыбыз келесоо деген “диагнозго” кабылып калышыбыз турган иш. Ошондуктан акылынан айнып, байлыктан башы айланып, көзү караңгылагандар, ар кайсыны айтып мээни чаргыткандар тез арада мандеминен кутулушу шарт. Эгерде бир адис жетишпей баратса шакирттерди көнүктүрүүгө жол ачылат. Муну айткан себебибиз негизинде келесоолордун саны 200 дөн ашып кеткени опурталдуу. Улам элдин эсебинен байып, келесоо болгондордун саны арбый берсе коррупция менен кантип күрөшөбүз? Буга бийликтин башындагылар да санаа тартышы кажет. Колдон келген көмөгүн бербесе кемчонтойлордун мамлекетине айланып калышыбыз кеп эмес.

Эмнеси болсо да алгачкы аракетти баштайбыз. “Маңкуртолог” биринчи кезекте ашынган келесоолорду кабыл ала баштайт. Кабат-кабат үйдү менчиктеп алгандар, пансионаттарды ээлегендер, тойканаларды күнү-түнү тынымсыз иштеткендер, базарларга кожоюндук кылгандар, алтынга көмүлгөндөр 0978 номуруна чалышса туура дарегин айтабыз. Болбосо сүткорлор башкалардан эрте келип, ишке жолтоо болушат. Даректи билгендер башкаларга айтып, жаймай жок. Антип тартипти бузгандарды келесоолук дарттан айыктырбай шермендесин чыгарабыз. Анда эмесе шашылгыла, убакыт күтпөйт.

“Маңкуртолог” Алыпсалар Билбесов

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: