13-14-августта Вена шаарында Кыргыз-Австриялык курулуш бизнес форуму өттү. Жыйынга кыргызстандык «Жаш ишкерлер ассоциациясынын» мүчөлөрү жана австриялык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Форумдун алкагында австриялык ишкерлер энергоэффективдүү жана ден соолука зыян келтирбеген курулуш материалдарын чыгаруу долборлору менен тааныштырышты жана акыркы заманбап технологияларын курулушта колдонуу жолдорун көрсөтүп беришти. Кыргызстандык ишкерлер ушундай долборлорго кызыгусу бар экен деп белгилеп, эки тарап кызматташууга мүмкүн болгон жолдорун талкулашты.
Австриялык бизнесмендерге Кыргызстандын экономикалык жана инвестиялык мүмкүнчүлүктөрү, Үчүнчү Көчмөн Оюндары жана «Жаш ишкерлер ассоциациясы» жөнүндө видео тасмалары көрсөтүлдү. Кыргыз тарап австриялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестицияларын салууга чакырды жана чогуу жаңы экспортко иштеген өндүрүү мекемелерин ачууну сунуштады.
Австриялык тажырыйба менен таанышуу максатында кыргыз бизнес делегациясы курулуш материалдарын чыгарган «Хертц арматурен» заводуна жана Вена шаарын жаңы Асперн акылдуу шаарчасына барышты. Андан тышкары кыргызстандык ишкерлер Австриядагы Кыргыз Республикасын элчилигине барышып, Элчи Бакыт Джусупов менен жолугушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ