Menu

Тамерлан Ибраимов жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топту жетектейт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин буйругу менен   жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча  сунуштарды иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Эксперттик топту саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектейт.

Эксперттик жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, Өкмөттүн Аппаратынын, Ички иштер министрлигинин профилдик бөлүмүнүн, жарандык  сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Эксперттик жумушчу топ Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтарын жана бөлүмдөрүн оптималдаштыруу  жана реформалоо боюнча көрүлгөн чараларды, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын оң тажрыйбасын иликтеп жана натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын жолдорунда коомдук тартипти, жарандардын корголушун жана коопсуздугун камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жаңы түзүмү, башкаруу схемасы, функциялары жана милдеттери боюнча сунуштарды даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет.

Даярдалган сунуштар түрдүү аянтчаларда талкууланып, жыйынтыгында Президенттин кароосуна киргизилет.

Эске салсак, 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн. Анда Президент бул маселе боюнча жумушчу топту түзүү максатында ага аналитикалык маалымат киргизүүнү сунуштаган.

Андан кийин, 2018-жылдын 10-августунда Мамлекет башчысы  менен жолугушууда маселе дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетектеген эксперттик жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Төмөндө эксперттик жумушчу топтун курамы:

 Эксперттик жумушчу топтун курамы:

Ибраимов Тамерлан

Рыспекович

«Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси;
Сагынбаев Дамир

Казакович

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:
Араев Азамат

Муратович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Орозалиев Алмаз

Кыдырмаевич

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Джумагазиев Канат

Сагынович

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
Шайхутдинов Тимур

Фаридович

«Реформалар жана натыйжа үчүн»
жарандык союзунун координатору (макулдашуу боюнча);
Осмонов Жолдошбек Келдибекович мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт  (макулдашуу боюнча);
Акенеев Азамат Жумакадырович көз карандысыз эксперт
(макулдашуу боюнча).

 

2018-жыл 15-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: