Menu

Жалал-Абад: тышкы инвестиция он эсе өстү

Бөлүшүү:

Быйылкы жети айдын жыйынтыгында Жалал-Абад шаарына тартылган тышкы инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 эсе өсүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында акыркы жылдары инвестиция тартуу жагынан кыйла алга жылуулар болуп келатат. Өткөн жылы жети айда шаар боюнча тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 156,7 миллион сомго барабар болгон. Быйылкы жылы жети айда анын көлөмү 1 миллиард 648,6 миллион сомго барабар болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 491,9 миллион сомго көп болду, же өсүү темпи 142,5 пайызга жетти.
-Анын ичинен тышкы инвестицияларды тартуу жагынан абал кыйла жакшырды. Өткөн жылы жети айда тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 45,1 миллион сомго барабар болсо, быйылкы жети айда ал 459,2 миллион сомго өсүп кетти. Ортодогу айырма 414,1 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 1018,2 пайыз болду. Бул өсүү 10 эседен ашып кетти дегендикке жатат, – дейт ал.
Алынган маалыматка караганда, ички инвестицияларды тартуу жагынан да иш жаман болбоду. Быйылкы жети айда тартылган ички инвестициянын көлөмү 1 миллиард 189,4 миллион сомго барабар болсо, өткөн жылы жети айда анын көлөмү 1 миллиард 111,6 миллион сомго жеткен болчу. Ошентип, быйыл ички инвестиция салыштырмалуу 77,8 миллион сомго көп тартылып, өсүү темпи 107 пайызга жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: