Menu

Руслан Казакбаев оппозициянын рупору болсо куп жарашат

Бөлүшүү:

Саясый чөйрөдө айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев баштаган үлкөндөрдүн күзгө карай кадамдары активдешип, керек мезгилде экс-президент Атамбаев менен биригүүгө барары сөз болууда. Албетте, булардын баш кошуп, бир туунун алдына биригүүсүнүн майда-барат деталдары боюнча сөз башка. Болгону учурда бул топко дасыккан дипломат, билими менен иши айкалышкан белгилүү саясатчы Руслан Казакбаевдин кошулаары айтылууда. Эгерде Руслан Казакбаев билегин түрө буларга кошулса, анда оппозициянын билиги жанып, бирдин ичинен чыгарын бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Эсиңерде болсо, соңку алты жыл ичинде биздин каарман «Республика – Ата Журт» партиясынын үч жолку шайлоо штабында (шаардык, парламенттик жана президенттик) аталган саясый топтун «мотору» болуп, үч ирет тең аталган партиянын күлүктөрүн 2-орунга чыгарып келген күчтүү саясый саяпкер экенин далилдеди (КСДПны эске албаганда үч ирет тең алдыга озушту). Эми эл аралык деңгээлде кадыр-баркы бар мындай инсан Суваналиев, Мадумаров баштаган саясый топко канындагы уюштургуч сапаты менен бир катар күчтөрдү тартса, күзгө карай абал оорлошуп кетпейби? Биз бул жагынан кийинки сандарыбызда да кеп кылмакчыбыз.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: