Menu

“Албек балам ак эле” дейт

Бөлүшүү:

15-августта Жогорку соттун алдына Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун тарапташтары митингге чыгышты. Ага 70ке жакын адам катышты. Алардын катарында Ибраимовдун апасы Бүажар Алиева да бар. Ал баласы ак экенин айтууда.

«Балам ак эле иштеп келген, айылдагыларга жардам берчү. Үйгө чыгарып деле сурак кыла берсе болбойт беле? Чындык жокпу? Менин балам эч качан сынбайт» деди Ибраимовдун апасы.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: