Menu

Эмилбек Каптагаев: 2040 жылды айтып тумандатпай, жакынкы беш жылдык программаны тактаганыбыз оң

Бөлүшүү:

– «Стратегияга болгон ишеничти Атамбаев талкалаган» деген пикириңиз бар экен…

– Мындан бир жыл мурда Атамбаевден «эмне үчүн ошончо шаң менен кабыл алынган 2017-жылга чейинки Улуттук стратегия аткарылбай калды?» деп сурашаканда, ал: «Аткары-ышынын зарылчылыгы деле жок болчу, спортсмендерге деле машыгуу учурунда бийик чек коюлгандай, «жетебиз» деген максаттарды атайын бийик жазып койгонбуз…» деген мааниде жооп бербеди беле. Ошону менен эл арасында алдыга коюлган план, программа же стратегия дегендердин кадыры түшкөн, «аа, бул жөн эле баланын оюнчугундай нерсе турбайбы, жен эле жазып койгондой» дегендей пйкир жаралып калган. Мындан улам азыркы стратегияга деле эл ичинде анча ишеним жок, ишеничти толугу менен Атамбаев талкалап кеткен. Коюлган максаттарга кайрадан ишеним жаралыш үчүн тиги 2040-жылды айтып аягын тумандатпай эле жакынкы беш жылдык программаларга өтө тыкыр мамиле кылуу зарыл. Стратегияга жазылып калган бир да план аткарылбай калбашы керек. Ошондой уюштуруу иштерин турмушка ашыруу абзел. Айрыкча каржылоо жагына көңүл бурулса. Биздин тилек -мурдагы стратегиянын тагдыры кайталанбай, азыр кабыл алынган иш-чаралар өнүгүүгө өбөлгө болсо экен дейбиз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: