Menu

Түркмөнстанда ар бир облус “Амуль-Хазар” автожарышы үчүн 7 миңден көрүүчү жөнөтөт

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда “Амуль-Хазар 2018” эл аралык автораллисине даярдык көрүү иштери уланууда. Иш-чарага ар бир облустан көрүүчү катары 7000ден киши катышат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, өлкөдөгү бардык облустардын администрацияларына атайын нускамалар жөнөтүлдү.

Ага ылайык, бүгүндөн тарта жарыш өтө турган жерде концерттерди уюштуруу үчүн аймактардан эл шайырлары чогултула баштайт.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дүйшөмбүгө чейин ыр ансамблдеринин, жеке чыгармачыл жана бий топторунун тизмесин берүүгө милдеттүү. Шаршембиде алар Балканабад шаарында бул иш-чарага даярдык көрө башташат.

Ашхабаддан келген көрсөтмөгө ылайык, ар бир облус 1-сентябрга чейин иш-чарага катыша турган 7000 миң кишинин тизмесин түзүп, борборго жөнөтүүгө милдеттүү.

Алар авторалли жолунда көрүүчү катары шаңдуу маанай тартуулоого тийиш. Катышуучулардын көбү бюджеттик уюмдардын кызматкерлери болот.

Автораллинин жалпы узундугу 1500 чакырымды түзөт жана ал Каракум чөлү аркылуу өтөт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: