Menu

Камактагы Асанов менен Кадыров ачкачылыкты улантууда

Бөлүшүү:

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу алардын адвокаты Данияр Маманов “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, саясатчылар Жогорку Соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, ушундай кадамга барган. Абактагы саясатчылар аларга өкүм чыгарган Жогорку Соттун судьялары жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: