Өздөрү түз эле асмандан түшө калышкансып «эски бийликтин ойлоп тапканы» дештиби же жакшы идеяны улантып кеткенге дараметтери жетпедиби, айтор Кыргызстан быйыл Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөргөндөн кийин төртүнчү ирет уюуштурууну башка өлкөгө өткөрүп берет. Бул туурасында андагы катчылыктан билдиришти.
Азырынча Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү милдетин кайсы мамлекет мойнуна ала турганы азырынча белгисиз. Чапандарын же шапкелерин эле алмаштырып койгону болбосо азыркы эле чоңдорубуздун баары убагында «Кыргызстан эгемендүү болгондон бери дүйнө жүзүнө тааныткан масштабдуу жалгыз долбоорубуз ушул» деп Атамбаевдин кареги менен тең айланып эде жүрүшпөдү беле?
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ