Menu

Нурбек Токтакунов, адвокат: «Эмне үчүн беш жыл мурдагы ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун сметасына тендер жарыяланды?”

Бөлүшүү:

Редакциядан: «Электр станциялары» ААКсы 2018-жылдын 26-июнунда «Бишкек шаа­рындагы ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун сметалык документациясын 13, 6 млн. сом суммасында даярдоого тендер жарыялады. Мурдакы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов мындай суроо коёт: «Электр станциялары» ААКсына эчак пайдаланууга берилген долбоордун сметалык документациясы эмне үчүн керек? Бул туура­сында “precedentinfo. kg. ” маалымат булагы жазып чыкты. Макаланы өзгөртүүсүз беребиз.

Таң калыштуу тендер

«Электр станциялары» ААК­сына эчак пайдаланууга берил­ген долбоордун сметалык доку­ментациясы эмне үчүн керек? Модернизацияланган ЖЭБди кабыл алуу 2017-жылдын 7- июлунда Сооронбай Жээн­бековдун өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн. ЖЭБдин модер­низацияланган бөлүгүн кабыл алган премьер-министр ошон­до долбоорго ыраазы экенин билдирген. Анткени, ал жыл бою модернизациялоо боюн­ча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин өзү коорди­нациялаган жана модерниза­циянын графиктен озуу менен жүргүзүлүп жатканына cый­мыктанып да жүргөн.

Ошентип 2016-жылдын 16-ав­густунда премьер-министр Соо­ронбай Жээнбеков күзгү- кыш­кы жылуулук берүүгө даярды­ктын жүрүшү боюнча селек­тордук жыйын өткөрүп, анда: «Жылуулук берүү мезгилинин ийгиликтүү өтүшүнүн бир фак­тору болуп Бишкектеги жана Оштогу ЖЭБдин туруктуу иште­ши саналат. Кечээ күнү мен «Бишкек ЖЭБди модернизаци­ялоо» долбоорунун ишке ашы­рылышы менен тааныштым, ал жерде көргөндөрүмдөн улам биринчи жана экинчи этап­тарды ишке ашыруунун алка­гындагы иштерди жүргүзүүдө оң жылыштар бар экенин бел­гилегим келет, модернизация­лоо графиктен озуу менен жүр­гүзүлүүдө», – деп айткан эле.

Андан бир күн мурда, 15-ав­густта, 2016-жылы ал Биш­кек ЖЭБди модернизациялоо­нун жүрүшү менен, тагыраак айтканда, курулуп бүткөн отун-транспорт цехинин ад­министративдик – турмуш тиричилик корпусу, ЖЭБ­дин аймагындагы спорттук аянтча, жаңы жабдуулар­ды куруу жана монтаждоо аймагы жана автоматтык көмөкчү чордондордун абалы менен жеке өзү таанышып чыккан эле.

Ошондо өкмөт башчысы тий­иштүү мамлекеттик органдар­га жүргүзүлүп жаткан рекон­струкциялоо иштеринин са­патына көзөмөлдү күчөтүүнү жана аларды бардык норма­ларга жана стандардарттарга төп келишин камсыз кылууну тапшырган болчу.

2016-жылдын 16-августун­да «КРнын өкмөтүнүн Бишкек шаарындагы ЖЭБди модерни­зациялоонун» долбоору боюн­ча долбоорлук документтерди бекитүү маселелерин жөнгө салган чечиминин долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгып, аныкталган тартипте КРнын өкмөтүнүн аппаратына кир­гизүү» тапшырмасын берген өзү, Сооронбай Жээнбеков бол­гон, тийиштүү протокол да тир­келген.

Тендер жарыялоонун себеби

ТВЕАнын ишин кабыл алган­дан кийин ЖЭБди модерниза­циялоо үчүн сметалык доку­ментация боюнча тендер жа­рыялоого эмне себеп болду? «Электр станциялары» тендер­ди келишимди түз бекитүү ык­масы менен өткөрдү, бул сатып алуучу тарап ташып келүүчүнү тендер өткөрбөй туруп эле өз алдынча таап, аны менен ке­лишимге кол коё алат дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, «Электр станциялары» ААКсы бул жарыя жарык көргөнгө чей­ин эле жеңүүчүнү өзү аныктап койгон. Бирок мамлекеттик са­тып алуулар жөнүндөгү мыйзам тендер жөнүндөгү бардык ку­лактандырууларды, сатып алуу­нун ыкмасына карабай туруп, мамлекеттик сатып алуулардын порталында жайгаштырууну талап кылгандыктан, «Электр станциялары» ААКсы аталган тендерди жарыялоого милдет­түү болгон соң аны жарыялаган.

Сатып алуунун мындай ык­масын алар төмөнкү сөздөр менен негиздешкен: «сатып алуучу уюм алдын ала билбе­ген жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товар­ларды сатып алууну жүргүзүү­гө шашылыш зарылдык келип чыкканда, көрсөтүлгөн жаг­дайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде мил­деттүү түрдө конкурс өткөрүү шарты менен». «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мый­замдын 21-беренесинин 4-бөлү­гүнүн 8-пунктунда ушундай жа­зылган.

Тендердин катышуучулары

Тендер мамлекеттик сатып алуулардын порталында жай­гаштырылыгандыктан, каты­шууга үч компания билдирме берген. Булар:

«Промпроект» ААК;

«Дизайн Инжиниринг» ЖЧК;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамле­кеттик комитетине караштуу «Энергопроект» Кыргыз мам­лекеттик долбоорлоп-изилдөө илимий – изилдөө институту («Энергопроект» КМИДИ).

Финалга эки компания чык­кан: булар 13 430 000 сомду су­нуштаган «Промпроект» ААК сы жана 11 770 446 сом сунушта­ган «Энергопроект» КМИДИ болгон, «Дизайн Инжиниринг» ЖЧКнын билдирмеси сунуштал­ган 3 400 000 суммасы менен мындай тажырыйбасынын жок­тугуна байланыштуу себептен четке кагылган.

2018-жылдын 30-июлунда «Электр станциялары» «Энер­гопроект» КМИДИни жеңүүчү деп тапкан. Аталган уюм мам­лекеттик мекеме болуп эсепте­лет жана Кыргыз Республика­сынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдала­нуу мамлекеттик комитетине карайт (ӨЭЖМК).

ӨЭЖМК – бул 2013-жылда Осмонбек Артыкбаев баш­карган Энергетика жана өнөр­жай министрлигинин укугун мурастоочу. Ал кезинде Биш­кек ЖЭБди модернизацияло­ого кредиттик макулдашууга кол коюуда норма ченемдик процессти одоно бузган жана бул кредиттик макулдашууну милдеттүү экспертизадан жа­на коомчулуктун талкуусунан те ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун демилге­леген, парламент болсо мын­дай тартип бузууларга көз жуумп, аны ратификацияла­ган.

Эмнеге «Электр станцияла­ры» ААКсы сметалык докумен­тацияны даярдоого Кыргызстан үчүн контракка кол коюуга жо­опкер мамлекеттик органга ка­раган мамлекеттик мекемени жалдаган? Техникалык тапшы­рманы караганда мындан да ар­бын суроолор жаралат…

«Сметалык эсептөөлөр» деген эмне?

Сметалык эсептөөлөр «Электр станциялары» ААКсы ТВЕА ме­нен ЕРС ыкмасы боюнча кон­тракттык макулдашуу, башка­ча айтканда, курулушту «ач­кычына чейин» бүткөрүп берүү боюнча келишим бекиткен 2013-жылда эле даяр болууга тийиш эле:

“E”: (engineering) – инжини­ринг – изилдөө, долбоорлоо жа­на макулдашуу иштери;

“P”: (procurement) – кам­сыздоо (ташып келүү) – мате­риалдарды жана долбоорду то­лук аткаруу үчүн жабдууларды тандоону жана сатып алууну жүргүзөт;

“C”: (construction) – куруу – курулуш, кураштыруу жана иш­ке киргизүүнү жөндөө иштерин аткарат.

Контракттын мындай шартта­ры Кыргызстан төлөйт, подряд­чик ишти аткарат, буйрутмачы мында аралашпайт, анткени подрядчик өзүнө бардык тобо­келчиликтерди, анын ичинде жаңы, алдын ала көрүлбөгөн чыгашалар боюнча тообокел­чиликтерди алат дегенди бил­дирет.

(Подрядчик бул ишти кантип аткарат, канчага жана эмне сатып алат – мунун баары под­рядчиктин көйгөйү, мында кыл­мыштын курамы жок.)

«Электр станциялары» ААК­сы сметалык эсептөөлөрдү ТВЕА компаниясынан алса болмок эле. Бирок «Электр станциялары» 5 жылдан кий­ин 2013-жылдагы контракттык келишим түзүлгөн учурга ка­рата эсептөөлөрдүн анык жана жыйынды нарктарын бөлүп көрсөтүү менен иштин көлөмүн аныктоого дээрлик 12 миллион сомду короткусу келип жатат. Эмне үчүн?

Мунун «Электр станциялары» ААКсына эмне кереги бар?

Бул суроого жооп бизде бар. 2018-жылдын 17-майында УКМ­Кнын Башкы тергөө башкарма­лыгы Бишкек ЖЭБди модерни­зациялоонун алкагындагы кыл­мыш иши боюнча ведомстволор аралык курулуш-техникалык экспертиза дайындаган.

Эксперттик топко төмөнкү кызматкерлер кирген:

Мамлекеттик соттук-экс­перттик кызматынан;

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынан;

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай – ком­муналдык агенттигинин жаран­дык турак-жай курулуш Депар­таментинен;

«Бишкек башкы архитекту­радан»;

Мамэкотехинспекциядан.

Тергөөчү эксперттерге төмөнкүдөй суроолорду койгон:

ТВЕА компаниясы тара­бынан Бишкек шаары ЖЭБди модернизациялоодо аткарыл­ган иштердин көлөмүн, иштер­дин наркын, жабдуулардын жа­на тейлөөнүн наркын жогорула­туу фактылары болгонбу?

ТВЕА компаниясы тара­бынан Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодо ат­карылган курулуш иштеринин сапатын, пайдаланылган ку­рулуш материалдарынын сапа­тын аныктоо;

ТВЕА компаниясы тара­бынан Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоодо аткарыл­ган иштер курулуш нормалары­нын жана эрежелеринин талап­тарына ылайык келеби?

Экспертиза жүргүзүүдө эксперттер УКМКнын тергөөчүсүнөн төмөнкүлөрдү сурашкан:

толук көлөмдөгү сметалык документациянын долбоорун;

аткарылган иштердин ак­тыларын;

сатып алынган курулуш ма­териалдарын сатып алуу акты­ларын жана машиналардын, ме­ханизмдердин иштеринин нар­кына эсеп-фактурларды;

иштердин өндүрүш жана ав­тордук көзөмөл журналдарын;

жабык иштердин актыла­рын;

инженердик-техникалык шарттарды.

(Тергөөчү эксперттерге жо­горуда тизмектелген доку­менттерди ошол бойдон көр­сөткөн эмес)

2018-жылдын 25- июнунда эксперттик топ ТВЕА компа­ниясы тарабынан Бишкек шаа­рындагы ЖЭБди модернизаци­ялоодо аткарылган иштердин көлөмүн, иштердин наркын, жабдуулардын жана тейлөөнүн наркын жогорулатуу фактыла­ры жөнүндөгү тергөөчүнүн би­ринчи суроосуна жооп бере ал­ган эмес, анткени эксперттерге сметалык документтердин дол­боорлору берилген эмес. Калган эки суроо боюнча эксперттер бардык иштер курулуштун нор­маларына жана эрежелерине ылайык келет деген оң жообун беришкен.

Экспертизанын аныктама­сы чыккандан кийинки күнү «Электр станциялары» ААК­сы «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун сметалык документациясын даярдоо боюнча тендер жа­рыялаган. Мунун баары таң калыштуу эмеспи?

Бул иш тергөөнүн маалыма­ты боюнча “ТВЕА компания­сынын кызыкчылыгын кор­гогон” деген Сапар Исаковду айыптоого эптеп бир негиз табууга багытталган эмеспи?

ТВЕА компаниясы контракт боюнча иштин сапаты жана буюртмачыга өз мөөнөтүндө тапшырууга гана жооптуу бол­гон. Подрядчик – компания­нын ишин Сооронбай Жээн­бековдун кабыл алганын эске алсак, анда алар жумушту са­паттуу аткарышкан жана Кыр­гызстандын аларга кое турган дооматы жок.

Чолпон Исмаилова

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: