Menu

Өзбекстанда той-аштарды жөнгө салуу боюнча атайын комиссия түзүлөт

Бөлүшүү:

13-августта Сенат депутаттары үйлөнүү үлпөт, той-аштарды жөнгө салуу боюнча облустук, райондук, шаардык кеңештерди түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Комиссия жарандар менен биргеликте үлгүлүү үй-бүлөлүк иш-чараларды уюштуруу маселелерин да чечет.

Буга чейин Өзбекстан Сенаты тарабынан үй-бүлөлүк той-аштарды, үйлөнүү үлпөттөрдү жөнгө салуу боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Документ 5-25-март аралыгында коомдук талкууга алынган. Бирок 30-мартта күчүнө кире турган долбоор президент тарабынан сынга кабылып, жокко чыгарылган.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов да 1998-жылы атайын жарлык чыгарып, той-аш учурундагы ысырапкорчулук менен күрөшүүгө аракет жасаган.

Андан бери бул маселедеги аткаминерлердин аракети убактылуу кампанияга айланган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: