Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пентагондун Кытай армиясы тууралуу жакында жарык көргөн баяндамасын “ойлонулбаган” талдоо иретинде баалады. Кытайдын тышкы саясий мекемеси америкалык тарапты “кандуу согуш доорунан калган эски көз караштан арылууга” чакырды.
АКШнын Коргоо министрлигинин 16-августта жарык көргөн баяндамасында кытай армиясы башка өлкөлөргө чабуул жасоо үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатканы айтылган.
Кытай ТИМинин өкүлү Пекин тарабынан улуттук коргонууну өнүктүрүү – көз карандысыздыкты, суверенитеттүүлүктү, аймактык бүтүндүктү коргоого багытталганын билдирди.
АКШнын Коргоо министрлигинин баяндамасында Кытайдын Элдик-куткаруу армиясы “АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн куралдуу күчтөрүнө, Тынч океандагы аскер базаларына кол салуу мүмкүнчүлүгүн” сынашы ыктымал экени айтылган.
Кытай армиясын жаңылоо программасы көп убактытка арналган. Пекин 2050-жылга карата дүйнөлүк стандарттагы аскер күчтөрүн калыптандырууну көздөйт.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ