АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ABC News телеканалына Кытай, Түндүк Корея жана Иран өлкөдөдөгү шайлоолорго кийлигишүүсү мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.
Болтондун айтымында, Пекин, Тегеран жана Пхеньян шайлоолорго кийлигишүүсү ыктымал деп кооптоно турган негиздер бар. Андыктан АКШ тоскоолдуктардын алдын алуу үчүн атайын чараларды көрүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп Твиттерде “Орусияны аңдыгандардын башка багытты – Кытайды кароосуна убакыт келди” деп жазды.
Бул арада Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ бийликти кулатуу максатында атайын топ түздү деген шектенүүсүн билдирди. Ал бул тууралуу Tвиттерге жазды.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ