Экс-президент Роза Отунбаева мигранттардын көйгөйлүү маселесин сөз жүзүндө көтөрүү менен пиар иштерин жүргүзүп калганын коомчулук деле түшүнүп калды. Мекендештерибизге реалдуу көмөк көрсөтүүнү көрө алган жокпуз, баягы эле жел сөздөр. Жакында Ысык-Көлдөн «Мекендештер» аттуу жыйын өткөрдү. Жыйынтыгы эмне болду? Суроо калды, жооп жок. Көрсө, Отунбаева коомдун назарын өзүнө бурдуруу менен түпкүлүгүндө 2020-жылга чейин пиар иштерин жүргүзүп, парламентке депутат болуп шайланууга эмитен ашыга баштаптыр. Элге күйүмүш этип. Аныгында, Жогорку Кеңешке келип алса спикер болуп, «апче» статусуна ээ болмокчу. Артында Бабанов колдоп турса, эмнеге спикер болбосун? Анан «Талас саясаты» өркүндөбөйт бекен? Акылыңа баракелде!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ