Menu

“Ууруну каракчы тоноптур” демекчи Арапбаевди 100 миң долларга отургузуп кетишти…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев өткөн жумада 2 миллион 300 миң сом, 70 миң АКШ долларын жана 10 миң долларлык зер буюмдарын тонотуп жибергени маалым болду. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыкты. Расмий мамлекеттик органдар Ош шаарынан Жогорку Кеңештин кайсы бир депутатынын кеңсесине уурулар киргенин жарыялап, кайсы депутат экенин айткан эмес болчу. Тонолгон акчанын суммасы дээрлик 100 миң долларга жетет. «Ууруну каракчы тоноптур» демекчи, кызылдай акчасынан ажырап Арапбаевдин жер муштап турган кези. Бирок бул сумма Азамат мырзага кеп деле эмес. Кызыгы, өткөн жумада эле Бишкек мэри кызматына Азис Суракматов нааразычылык менен шайланганда, бизнеси бар досун куттуктап ресторанда чай берип жандалбастап жүргөн. Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп токтотулган, кийин бийлик алмашкандан соң кайрадан курулуп баштаган Ак үйдүн күн батыш тарабындагы, Россия кинотеатрынын артындагы 5 кабаттуу имарат жаңы мэр Суракматов экөөнө тиешелүү.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: