Menu

Абулгазиевдин мажүрөөлүгү президентке көлөкө

Бөлүшүү:

Чынын айтыш керек, өлкөнүн экономикалык абалы мышык ыйлай турган деңгээлге жетип калды. “Өйдө тартсаң өгүз, ылдый тартсаң араба сынат” болгон кырдаалга кептелди. Мухаммедкалый Абулгазиев премьер-министр болгон жарым жылдан бери экономика катып калды. Өсүш дээрлик жок. Экономика министри Панкратов Олег сатыктан түшчү салыкты 2ден 5% га чейин 2,5 эсеге көтөрүүнү айтса, Абулгазиевдин өзү болсо “какаганга муштаган” дегендей, суунун тарифин көбөйтүү сунушун киргизди. Ошондой эле Кыргызстандагы уюлдук телефондорду каттоо үчүн ар бир жаран жүз сомдон төлөөгө милдеттендирилгени турат. Доллардын баасы кескин жогорулап, инфляция кооптуулугу жогорку чекке жетти. Айтор мажүрөө Абулгазиев туңгуюкта турган экономиканы көтөрүү үчүн элдин жонунан кайыш тилүүнү көздөп жатат. Мындан улам коомчулукта иштеген колунан келбесе элди кыйнабай, өз каалоосу менен иштен кетсе болот эле деген сындар арбын айтылууда. Ал түгүл кресло ысык көрүнүп чапташып калса парламент кетириш керек, антпесе Жогорку Кеңеш өзү тарашы абзел экени коңгуроо болуп кагылууда. Өкүнүчтүүсү “Аймактарды өнүктүрүү жылын” Абулгазиев жаңы салыктар менен элди муунтуу деп түшүнөт көрүнөт…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: