Коррупция жана алдамчылыкка шектелип камалып, жазасын түрмөдө өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевди канткенде эркиндикке чыгарабыз деген маселе менен баш ооруткан топ, дээрлик бир жылга жакын убакыттан бери жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун тилин таба албай убара тартышууда.
Албетте, “аракетке берекет” дегендей айрым талаптары орундалып да жатат. Маселен, Текебаев саламаттыгы начарлап кетти деген жүйө менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Ушуну менен Текебаев саламаттыгына шылтоолоп эркиндикке чыгаары кеп болуп жатат. Бирок бийлик өзүнө да, Текебаевге да ишене албай сактанып жаткандай… Дегенибиз, Текебаевди чыгарсак кийин өзүбүзгө маселе жаратпайбы деген кооптонуу күч. Саясий эксперттер болсо, Атамбаев бийликке ачык күрөшкө өткөн учурда Текебаевди ага каршы коюу үчүн ошондо абактан чыгарат дешүүдө…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ