Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунан чоң суммадагы акча желгени боюнча ММКларда материалдар жарыяланып, бери дегенде 600 миллион доллар уурдалганы жазылып, кыңыр иштин артында мурдагы транспорт министри Калыкбек Султанов менен азыркы министр Жамшитбек Калилов турат деген сөздөр тарады. Ага улай кылмыш иши козголот деген кеп чыкты. Албетте, буга келечек баа берери бышык, ага чейин алдын ала айта бергендин өзү туурабы? Биз андан көрө жол курулушун иликтемей болгон парламенттик комиссияны сөзгө алып, аны жетектемей болгон «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге назар салбайлыбы? Карышкырга сайтарткан жокпузбу?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ