Menu

Түркмөн мугалимдери окуу жылы башталганга чейин ноутбук сатып алууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда мектеп мугалимдеринен ноутбуктарды сатып алып, анда иштөөнү үйрөнүүнү талап кылышууда.

«Азатлык» түркмөн радиосу кабарлагандай, мындай талап мугалимдер тажрыйба алмашуу үчүн жыл сайын чогула турган педагогикалык кеңеш маалында айтылды.

Маалыматка караганда, мугалимдер педагогикалык кеңешке катышууга байланышкан чыгымдарды толугу менен өзүлөрү төлөйт жана мамлекет тарабынан акча берилбейт.

«Мындан тышкары бардык мугалимдерден ноутбук сатып алууну талап кылышууда. Алардан 1-сентябрга чейин сатып алып, анда иштөөнү үйрөнөм деген тилкат жаздырып алышты»,— деп жазды басылма.

Аты-жөнүн айткысы келбеген ашхабаддык эки мугалим аларда ноутбук сатып алууга каражаттары жок экенин, тапкан акчалары үй-бүлөнү багууга араң жетип жатканын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: