Menu

Өзбекстандын премьер-министри жол кырсыгынан «жеңил жараат» алды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жол кырсыгына кабылып, «жеңил жарааты менен ооруканага жаткырылды». Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 20-августта эртең менен «Карасу — Бука — Бекабад» жолунун 92чи чакырымында болгон. «Дамас» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып премьер-министр бараткан «Мерседеске» сүзүлгөн.

Кырсыктан Абдулла Арипов жеңил жараат алган. Анын орун басары Алишер Султановдун сол санынын сөөгү жана эки кабыргасы сынган. Мындан тышкары президенттик аппараттын жооптуу кызматкеринин оң билеги сынып, айдоочу башынан жаракат алган.

«Дамас» унаасынын айдоочусу менен алты жүргүнчүсү дагы түрдүү жаракаттарды алышып, учурда дарыланып жатышат», — деп жазылган көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: