Menu

БУУнун Коопсуздук кеңеши Гулмурод Халимовго каршы санкцияларды узартты

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовго каршы киргизген санкцияларды узартты.

20-августта жарыяланган жаңы санкциялык тизмеде Халимов «аскер кеңешчиси жана экстремизмге үгүттөөчү» деп мүнөздөлгөн.

2015-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши «ИМ» тобуна «Аль-Каидага» тиешеси бар адамдар менен уюмдарга каршы санкцияларды киргизген. Ал БУУга мүчө өлкөлөрдү тизмеде көрсөтүлгөн адамдар менен уюмдарга карата курал-жарак эмбаргосун киргизип, алардын активдерин тоңдурууга милдеттендирет.

Гулмурод Халимовго карата санкциялардын узартылышы БУУда бозгундагы тажик полковнигинин өлүмүн ырастаган маалыматтардын жок экенин билдирет. Адатта жаңыланган тизмеден каза болгон адамдар чыгарылып турат.

Былтыр Орусиянын Коргоо министрлиги Гулмурод Халимов орус авиациясынын Сириянын Дейр-эз-Зор аймагындагы соккуларынан каза болгонун билдирген. Кийинчерээк башка булактар бозгундагы полковник анда болгону жаракат алганын кабарлашкан.

2016-жылы жайында Гулмурод Халимов «ИМ» тобунун «согуш министри» болуп дайындалган. Ошол эле жылы АКШ анын кайсыл жерде экендиги тууралуу маалымат үчүн 3 миллион долларлык сыйлык жарыялаган.

Гулмурод Халимов БУУнун Коопсуздук кеңеши санкция киргизген алгачкы тажик жараны. Ал 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп кеткен. Ошол эле жылы майда видеокайрылуу жасап, Сирияда жүргөнүн жана ИМдин катарына кошулганын билдирген.

2016-жылы февралда Гулмурод Халимовдун экинчи аялы Хумайро Мирова күйөөсүнө жолугуу үчүн балдарын алып Тажикстандан чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: