Menu

Макелек Өмүрбайдын уулу Мусажан Макелек камакта калды

Бөлүшүү:

ЖЭБтеги козголгон кылмыш иштин алкагында айыпталып кармалгандардын бири, Кытайдын ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелектин камактагы мөөнөтү Биринчи май райондук соту тарабынан 13-октябрга чейин узартылды. Бул жигит кытайлык кыргыз жазуучусу Макелек Өмүрбайдын карачечекей уулу. Ал Кытайдын ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеп келген. Аны менен бирге экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана анын орун басары Жолдошбек Назаровго карата да ушундай эле чечим чыкты. Эске салсак, ЖЭБдеги авария жана модернизациялоодогу коррупция боюнча жалпы төрт кылмыш иши козголуп, быйыл марттан бери мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков баш болгон 15тей киши камакка алынды.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: