Menu

Исмаил Эшанкулов, металлург: Толубай Салиев сымап комбинатын менчикке чыгаруу аракетинде

Бөлүшүү:

—Исмаил аке, Айдаркендеги сымап комбинатында эмгектенген экенсиз, ал жердеги азыркы абал боюнча эмнелерди айта аласыз?

_ —Менин кесибим металлург, Россияда окугам, сымап, сурьма, алтын ж.б. түстүү металлдар боюнча баарын билем. Айдаркендеги сымап комбинатында иштегем. Шахтанын ичинде азыр 46 миң тонна сурьма бар, 5 миң 100 тонна сымап, 460 миң тонна флюарит ж.б. болупбаасы 1 миллиард долларды чапчыган кен жатат. Комбинаттын ээлеген аянты 530 гектар.  Ичинде фабрикалар, цехтер, ондогон  имараттар бар. Бир топ жыл мурун сымап иштетүүгө кызыккан бир жигит  электролиз куруп баштаган эле, ошол  маалда кайдан-жайдан кытайлар келип, комбинатка каражат берүүгө макулдашып, ортодо 60% кытайга 40% комбинатка деген келишим түзүлгөн. Келишим мамлекеттик мүлкминистрлигинен өткөндөн кийин белгисиз себептер менен кытай кетип калды, ошолбойдон келбеди. Кийин гана би-линди, көрсө Толубай ака кытайдан 1 миллион доллар пара сураптыр. Ошол окуядан кийин баягы балдар ишин кайра баштап, бирок кен өндүргөнгө кызыкпай, менчиктештиргенге аракет көрө баштады.

—Сиз азыркы инвестор «Север стальды» айтып жатасызбы?

—Ооба, булар өтө кыйды жолду таап, комбинатты банкрот деп таптырыш үчүн жасалма түрдө карызга батырганга аракеттенишүүдө. Азыр 7 миллион доллар салды деп жатышат, бирок ал жерде 7 миллион долларлык эмес, 70 миң сомдук даты иш жүргөн жок. Эки деректир отуруп алып жалган отчеттерду токуп, эски тетиктерди боеп, суу сордурдук деген шылтоо менен миллиондогон акчаны жазып, көзбоемочулук жасап жатышат. Келишимди 60-40 пайыз деп түзгөн. Эртең булар төлөй албадык дегенде комбинат банкрот катары табылып, карыз үчүн 60 пайызы «Север стальга» өтөт. Алар аны 60 миллион долларга кытайларга сатат. План ушундай түзүлгөн. Мен муну билгенден кийин иштешүүдөн баш тарттым. Себеби, кытайлар келсе заводду кеңейтет, азыркы 530 гектар аймагына далай кытай көчүп келет, бул мамлекетке чон коркунуч туудурат. Айдаркен элинин тагдыры коркунучка кептелет.

—Кытайларга сатат деген куру сөз эмеспи?

—Комбинатты менчиктештирүү үчүн депутаттардын добушун сатып алууга да каражаттар чечилген, карыз үчүн комбинаттын 60% «Север стальга» өтөрү  менен кытайларга сатылат. Алар аябай кызыкдар, анткени жердин алдында 1 миллиард долларлык кен жатат. Андан сырткары 530 гектар жери жана ондогон мекеме бар. Кытайда түстүү металлургия менен иштеген заводдорду жаап жатат. Бир провинциясында вольфрам, сурьма, цинк, сымап ж.б. өндүргөн 440 завод иштеп жаткан экен, ошонун 420сын жааптыр. Эми ошолор бул жакка келип, бекер күчтү ташыйт. Кытай заводду иштетүү үчүн 10 миң адамды киргизсе кийин алар кетпейт. Мына Кадамжайга казактар кирип алган эч нерсе кылалбай жатаоыз. 5 жылдан бери иштебейт, соцфондго 35 миллион, салыкка 30 миллион сом карыз. Ош электро карызы үчүн офисин алып койду. Кытайлар кирип алса чыкпайт.

—«Север стальдын» башында ким турат, чындап эле акчасы барбы?

—Канат деген баланы тааныйбыз, бизнес кылып жүргөн, бирок акчасы батпаган байлардан эмес. Албетте, артында күчтүү бирөө турушу мүмкүн. Иштетип кетүү булардын оюнда жок. Миңдеген руданы иштеткенде сымап агып калат, опюлорду издеп таап 5-6 жыл жумушчулардын айлытын жапты. Негизи сымап менен сурьма чыкса зыяны чоң.

—Комбинатта иштегендер депутат Закир Шарапов менчиктештиргени жатат деп доомат артып жатышпайбы?

—Закир Шарапов бул жерде эмнеге айтылып жатканын мен такыр түшүнбөйм. Булжеткен бетсиздик, куру доомат десек болот, башка эч нерсе айта албайм. Депутат Закир Шарапов Жогорку Кеңеш трибунасынан Т.Салиевдин коррупциялык иштеринин бетин ачып жатканы үчүн, жалган-жалаа менен Шараповду каралап, куру дооматтык менен көө сүртүп жатат. Комбинаттын жетекчиси катары Толубай аке толук менчиктештиргенге аракеттенип, түрдүү арам жолдорду ойлоп таап, чуркап жүрбөйбү. Буга чейин да Толубай менчиктештирүүгө эки ирет аракет кылган маалда Закир Шарапов тескерисинче сактап калган. Азыр да «Север сталь» менен келишим түзүп, карызга батырып, анан менчикке чыгарганы жатат. Бул кишинин митайымдыгын, куулугун ушул жерден көрсөк болот, элди депутат Шараповго каршы тукуруп коюп, өзү иш бүтүргөнү жатат. Кылгылыктын баарын өзүкылып коюп айыпты башкага оодара койгонго аракет кылганы жеткен бетсиздик эмей эмне?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: