Menu

Чыныбек Абдыкапаров, Айдаркен сымап комбинатында иштеген адис: Толубай ушак таратып ишти ырбатты

Бөлүшүү:

—Чыныбек аке, Айдаркен сымап комбинатында 22 жыл иштеген экенсиз, ишкананын келечегин кандай көрүп турасыз?

—Тарыхын айта кетсем, Украинада сымап чыгып бүткүл Союздун керектөөсүн камсыздап турган экен, 1941-жылы согуш маалында немистер басып алганга чейин үч айдын ичинде көчүрүп келип, Айдаркенге куруптур, ошол күндөн тартып өндүрдү. Согуш бүткөндөн кийин да жалпы СССРдин муктаждыгын камсыздады. Эгемендүүлүк алгандан кийин оор кризиске учурады. Согуш куралдарын, атом, ок-дары, ракеталарды өндүрүү кыскаргандыгына байланыштуу сымап керектөө бүт дүйнө жүзүндө солгундады. Экинчиси, өтө зыяндуу зат экени билинди. Бөлмөнүн температурасында бууланып, ден соолукту жабыркатат. Изилдеген окумуштуулар бүт өлө берген. Эмнеден өлгөнүн адегенде билишпей, кийин гана сымаптын буусунан экени аныкталганда тыюу салды. Азыр дүйнө жүзү жаап жатат, чектеди. Мисалы, Испания жылына миң тонна сымап чыгаруу кудурети бар эле, БУУ аны жапты. Индонезия, Бразилия токтотту. Бул бүткүл дүйнөлүк чечим, аны ар бири аткарганга милдеттүү.

—Ал келишимге биздикилер эмнеге кирбей жатат?

—Айдаркендеги уулуу калдыктар сакталган жерлерди тазалап, экологиясын калыбына келтирүү үчүн Минамат келишимине киришибиз керек деген маселе көтөрүлгөндө кандайдыр бир күчтөр каршы чыгып, биз менен бирге иштеген окуучубуз, комбинаттын азыркы деректири Толубай Салиев түрдүү ушактарды таратып, жабат экен деген сындуу жалган сөздөрдүайтып, иштегендерди козутуп, улам чогулуш өткөрүп, ишти ырбатты. Макул, колунан келсе иштетсин, ага каршылык жок, 20 жылдык убакыт бар. Бирок эларалык уюмдардын жардамы менен Испаниядагыдай гүлдөтсө жаманбы. Бизден көптөгөн өкүлдөр аталган өлкөгө барды, сымап чыккан жерди бейиштин төрүндөй кылып койгонун көрүп келди. Бүт бак-дарак. Ошондой жардамды ЮНЕП сунуштап жатат, миллиондогон долларлар менен. Тилекке каршы, комбинаттын жетекчилери бир нече жылдан бери каршылык көрсөтүп, моюн толгоп келе жатат. Мурда жылы Айдаркенден депутат болгон Шарапов Закир экөөбүз барып эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүп, Толубай Салиевдин да макулдугун алып келдик эле, кийин тескери кетип, биз өзүбүз иштетебиз дептир.

—Ал жердин коендун жатагына чейин билесиз да, иштеткенге мүмкүнчүлүк барбы?

—Ачыгын айтайын мүмкүнчүлүк жок. Шахтаны суу баскан, аны сордуруп чыкканга миллиондогон каражат керек. Биз саатына 3 миң куб сууну сордуруп иштегенбиз, бүгүн кургатыш үчүн саатына 5 миң куб суу чыгаруу керек. Эң жогорку напордогу 15 насос бир убакта иштеп турушу керек. Аны жерден алып чыкканга калың трубалар керек. Азыр болгону үч трубанын гана орду бар, калганын алып чыга албайсың. Башка скважиналарды казганга андан көп каражат кетет, ага техника да, адистер да жетпейт. Улам суу тартылган сайын насосторду жайгаштыруу үчүн тепкичтерди жасаш керек, аларга кабелдерди, трубаларды жеткириш керек. Бүгүн аны көтөрө турган инвестор жок. Экинчиси, дүйнө сымапты керектөөдөн баш тартканын ачык айтып, ири заводдорду жаап жатат. Аны биз элден эмнеге жашырыбыз керек? «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» дегендей миң жашынсак да эртең БУ Унун талабын аткарганга аргасыз болобуз. Анда эл эмне кылат? Андан көрө Минамат келишиминин негизинде жерибизди гүлдөтүп алганыбыз жакшы деп эсептейм. Азыр ал жерде ажыдаардын өлүгү жатат. Уулуу таштандылардын алдынан сымап аралашкан суу агып, андагы топурак менен үй салышууда, бул түбөлүккө зыян. Мамлекеттик органдар аны такыр текшербейт. Айтор, бүгүнкү Айдаркендин абалы оор. Эгер жашоочулар келечекти ойлосо коомдук уюмдардын жардамын колдонуп калганы максатка ылайыктуу болот.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: