Menu

Турсунбек Акун: Акыл айтканга Феликс Куловдун моралдык укугу жок

Бөлүшүү:

-Турсунбек мырза, чейрек кылымдык тарыхта өзүнүн ким экенин тастыктап, элге жек көрүнгөн Феликс Куловдун кайрадан баш көтөргөнүн, акыл үйрөткөнүн кандай кабыл алып жатасыз?

—Феликс Куловдун жалпы элге жана азыркы бийликке акыл үйрөткөнгө моралдык акысы жок, анткени 25 жылдын ичинде өзүнүн ким экенин тастыктады. Ооба, эч кимибиз тана албайбыз, бир учурда көрүнүктүү фигуралардан болгон. Биздин кырчын куракта өлкөбүз суверендүүлүккө жетишип, эгемендүүлүккө ээ болгон. Ошол маалда биз КДКны түзүп, демократияга кадам шилтеген жаш балдар элек. Күтүүсүз жерден 1991-жылы ГКЧП болуп, оор кырдаал түзүлүп, Язовдор басып алат экен деген сөз тараган маалда Феликс Кулов шаардын коменданты катары жылдызы жанып, демократиялык кыймылдар менен тыгыз-иштегени үчүн элдик генерал деген aтка конгон. Кийин Легендарлуу парламентте дагы депутат катары жакшы идеяларды көтөргөнгө аракеттенди. Аягында Акаев менен келише албай 5 жылга камалды. Мен ошол 5 жыл бою Куловду коргоо комитетинде төрага болуп өмүрүмдү тобокелге салып бошотуу үчүн каруумду казык кылып сайдым. Жанымды аябастан Акаев менен кармаштым. Мен азыр неберелеримдин туулган күнүн билбейм, бирок Куловдун туулган күнү эсимден кетпейт. 29-октябрда мен Байтиктен Бишкекке жүрүш жасап, атайын даярдыктан өткөн күч түзүмдөрү менен кармашып, токмок жегенбиз. Кулов үчүн 7-8 жолу камалдым, 15 күн ачкачалык жарыяладым. Муну көзү менен көргөн Феликстин инилери Эдуард менен Эрнис чын дилден ыраазы болуп: «Турсунбек ага, сиз бир туугандан артык кызмат кылдыныз» деген. Бирок кийин Феликстин чыныгы жүзүн көрдүм, жакшылыкты билбейт экен. Мага эле эмес, жалпы мамлекетке жакшылык кылган жок. Көрсө, “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” дегендей, мунун ниетин бузуктугу ичинде жаткан экен. Бийликке келгенде баарыбыз көрдүк. Самолет, вертолет, танктарды саткандыгынын тууралыгына ынандык. Анын айынан азыр бир да вертолетубуз жок.

—Бакиевдин бийлиги бекемделишине шарт түздү да, туурабы?

—Ооба, Бакиевди колдоп, анын бийлигин чыңдагандын эң башында Кулов болду. Эгер Кулов эл үчүн күйүп-бышкан, мамлекеттин келечегин ойлогон адам болгондо тээ башында эле кызматка жабышпай кетмек, кан төгүүгө жетпей Бакиевдин бийлиги куламак, балдарыбыз аман калмак.  2006-жылы 70-80 миң киши аянтка чыгып кылкылдап Куловду күтүп турду. Элдин бетине түкүргөндөй кылып чыкпай койду. Дагы бир жаман жери Жаныш Бакиевди мактап, кошоматтанып жатып алып келген. Кийин бүт кан төгүүлөрдүн башында ошол турду да. Ошол канкорду бийликке алып келген Кулов болгон. Союз маалында эгер кызматкер жазаланса, ага рекомендация берип кызматка койгон киши да жазаланган. А Жаныш үчүн Кулов жазасын алган жок. Мына ушундан улам бүгүн сүйлөп, акыл үйрөткөнгө моралдык акысы жок деп айтып жатабыз. Кийинки бийликте дагы оппозиция болумуш болуп, бирок бийлик менен коюн-колтук алып иштешип келди. Көрсө, бул башынан эле эки фронтко ойноп келген неме экен. Эч качан туруктуу позициясы болбоптур. Жеке мага кылганы да кечирилгис, адамдык абийирге сыйгыс иш болду. Мен Кулову жок эле омбудсмен болгом, анан «Ар-Намыс» партиясы парламентке өткөндөн баштап, 5 жыл бою мага каршы иштеди. Мен анын атасын өлтүрдүмбү? Азап тартып түрмөдө жатканда мен аны 5 жыл коргоп жүргөм, ал эмгегимди баалаган жок. Партиясына болсо Кудайдан жөө качкан итпай-чотпайдын баарын киргизип, сакалын сүйрөгөн молдокеден баштап, хизбут-тахрирге  чейин киргизип алды. «Ар-Намыс» деген атына жараша намыстуу адамдарды кошпой, сакалчандар менен намысты тепселеп салды. Беш жыл бою Акыйкатчылыктан кетиргенге аракет жасады, максатына жетпеди, аягында кайра шайландым. Кийин өзүнүн  абийири төгүлүп, көчөдө калды. Партиясы бир нечеге бөлүнүп ит болду.

—Жаман кишилерди чогултуп жаңылды деп ойлойсузбу?

—Партия үчүн өмүрүн бергендерди баалаган жок да. Мисалы, Эмил Алиев деген «Ар-Намыстын» каймагы эле да, аны тепсеп салды. Өзүнөн өткөн бети жокторду жыйнаган экен, бирөөсү «Ар-Намыстын» атынан өтүп, «Эркин Кыргызстанга» кызмат кылам деп жүрдү. Андан көрө Алиевди көтөрбөйбү. Кыйын күндө аска-бел болгон Бөдөш Мамырованы депутат кылганы менен кийин акмагын чыгарды да. Акчалуу кишилер менен душмандык кылып, көрбөгөндү көрсөттү. Өзүнө жакшылык кылгандарды баалабагандан кийин башканын баркына жетеби. Бир адамдын эмгегин баалай албай сатып кеткен адам башкасын да сата берет. Андай неме мамлекетке да жакшылык кылбайт. Жогоруда айткандай мен Куловго жанымды бергенге даяр болгом. Кулов үчүн өз өмүрүмдү курмандыкка салган учурларым болду. Ал үчүн бир тыйын сураган жокмун, бирок өзү да, депутаттары да мага каршы иштеди. Акыры Кудай Таалам көрсөттү. Тилекке каршы, азыр кайра баш көтөрүп, кошомат кылып, акыл үйрөтүмүш болуп жатыптыр, бул жеткен бетсиздик. Эптеп бир жерге башымды тыксам дегени уят. Бийлик буга такыр ишенбеш керек.

—Сырты суук киши катары кыргызга дилин берген жок дегендерге кандай карайсыз?

—Мен кошулам, анткени тилди үйрөнбөй койду. Мисалы, Амангелди Муралиев башында Куловдон дагы жаман сүйлөчү. Кээ бирөө бул казак экен деп айтып жүргөн, көрсө чыныгы кыргыздын уулу экен, кийин татынакай үйрөнүп алды, адабий тилде сүйлөп калды. Бул болсо тилди үйрөнбөй койду, дили жок экен да. Дили бөлөк адам гана тил үйрөнбөйт. Болбосо маймыл деле бийлегенди үйрөнүп атпайбы. Чет мамлекеттен келгендер 3 айда кыргыздын түшүн жооруп жатат. Анан өзү кыргыз болсо, Байтик деген айылда жашаса, кантип үйрөнбөйт. Ушундан улам элдин айтканына аргасыз ишенип башка улуттун өкүлүбү, кытайбы же калмакпы деп шектенет экенсиң. Албетте, атасын барыбыз билебиз, кыргыздын нукура уулу, бирок мунун кыргызга дилин бербегенине шектенип, жаман ойго жетеленет экенсиң.

—Азиз Батукаев боюнча сиз кызматтан айрылдыныз, бирок анын чыныгы досу Кулов экени айтылып келе жатпайбы…

—Батукаев менен зонада кучакташып жүргөнүн көргөндөр бар. Өзү да Батукаев менен сүйлөшкөм, ал боюнча сырларды билем деди жакында. Эгер андай сырларды билсе Батукаев боюнча парламентте чоң талкуу болуп жатканда эмне үчүн айткан эмес? Экинчиси, Батукаев качырганга Куловдун да түздөн-түз тиешеси бар деп ойлойм. Себеби, ошол маалдагы вице-премьер Атаханов менен тынбай сүйлөшүп, кирип-чыгып жүргөнүн билем. Менимче идеяны Кулов көтөргөн, Атаханов аткарган. Жыйынтыгында мени курмандыкка чалды. Кыскасы, бул киши каратып туруп сатып кеткен адамдардын атаманы. Муну менен ойнобош керек.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: