Menu

Хувайданын атасы: «Кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыраттырууга аракет кылабыз»

Бөлүшүү:

Орусиянын Серпухов шаарында өлтүрүлгөн беш жаштагы Хувайданын атасы Абдусалом Саидов кызынын өлүмү боюнча сотко катышуу үчүн 21-августта Москвага учуп барды.

Ага чейин ал Хувайданын мүрзөсүнө барып, куран окуган. «Бүгүн Курман айт майрамында кызыма куран окудум. Москвага барып Хувайданы өлтүргөн кишинин сотуна катышам. Адвокат менен Орусиянын мыйзамдарына таянып, аны өмүр бою эркинен ажыраттырууга аракет кылабыз», — деди ал «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде.

Беш жаштагы Хувайда Тиллозода 22-июль кечинде жергиликтүү тургун тарабынан зордукталып, өлтүрүлгөн. Анын сөөгү эртеси Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жол станциясында табылган.

Хувайда Тиллозода. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт
Хувайда Тиллозода. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Александр Семин аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Хувайданын атасы Абдусалом Саидов кыз жоголгондон кийин эле алар дароо Семинден шектенишкенин айтууда.

«Коңшулар кире бериштеги эшикти сындырып кирүүнү каалашкан, бирок участкалык милиция кызматкери уруксат берген эмес. Эгер анда биз аны укпай койгонубузда, балким Хувайданы аман сактап калмакпыз. Ошол маалда кылмышкер батирдин ачкычын жоготуп алганын шылтоолоп, качып кеткен. Кийин орус досторумдун бири Семиндин спорттук сумка менен токойду көздөй баратканын көргөнүн айтты. Хувайданын сөөгү эртеси ошол жерден табылды», деди Абдусалом Саидов.

Кийинчерээк тергөөчүлөр Семиндин батиринен кыздын бут кийиминин издери меннен манжа издерин табышкан. Серпухов шаардык соту үй ээсин эки айга камоо чечимин чыгарган.

24-июлда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) беш жаштагы Хувайда Тиллозоданын өлүмүнө байланыштуу Орусия ТИМине нота жөнөткөн. Тажик тарап анда Москваны «бул кылмышты жакшылап иликтөөгө» чакырып, «кылмышкерди катаал жазага тартууну» талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: