Menu

“Манас” жөнүндө жети дарс же улуттук коломтобуздагы улуу өрнөктөр

Бөлүшүү:

Эгемендүү Кыргызстандын саясий ишмерлерине, мамлекет жетекчилерине, журт башчыларына улуу “Манас” эпопеясынын казынасынан кыска нуска дарстар.

КЫСКАЧА АЛГЫ СӨЗ

Эгемендүүлүктүн жылдарында калк ишенген калдайлардын, аткаминерлердин жемкорлугу, казына тономою, эл кызыкчылыгына кыянаттык кылуусу, өзүмчүлдүгү токтобой, өлкөбүздө дайыма бийлик кризиси орун ала берди. Балким бул бир жагынан улуттук коломтобуздагы улуу өрнөктөрдү таназар албагандыктан, унутта калтыргандыктан, улуттук руханиятка тарбияланбагандыктан болуп жүрбөсүн. Даңктуу ата-бабаларыбыздын тарыхына, улуу мурастарыбыздын нускаларына, айкөл Манас атабыздын, ажобуздун, анын акылман чоролорунун мамлекетти башкаруу, мекенге, калайык-калкка, кызмат кылуу тажрыйбасына, сабактарына, өрнөктөрүнө көңүл бурсак кантет?

Түбөлүк өчпөс маягыбыз – Айкөл Манас атаньш өрнөктөрүнө жана ак жаркын руханиятына багыгганууга мезгил келди. “Алдыңа бир жолу карасаң, артыңа миң жолу кара” деген сөз бар. Сайсий ишмерлерге, мамлекет жетекчилерине, журт башчыларына “Манастын” улуу үлгүлөрү боюнча бир катар дарстарды тартуулоонун зарылдыгы туулду.

БИРИНЧИ ДАРС: МАНАСТЫН СЫЙЫНГАН ЫЙЫК ИДЕЯСЫ, АНТЫ СӨЗҮ МЕНЕН ИШИНИН БИРИМДИГИ

Тарыхтын узак жолун баскан элибиз бул дүйнөдө адам болуп жашоонун, мекендин жараны, атуулу болуп өмүр сүрүүнүн жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык, патриоттук дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасьш иштеп чьпжан. Кыргыз эли кайталангыс рухании, адеп-ыймандык маданиятын өзүнүн узак тарыхында дүйнөнүн ой-чуңкурун көрүп, Азиянын бороон-чапкындуу мейкиндеринде, жашоо үчүн каарман күрөштүн жолдорунда азап-тозокту, (“кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырың барбы кыргыз сөөгү жатпаган”) ысык-суукту, ачуу-таттууну баштан кечирген татаал жана эң бай өмүр тажрыйбасынан жууруп жараткан. Ак калпак калк өзүнүн ошондой рухий асыл нарктарын жана адептик – патриоттук кенчтерин топтоштуруп, улуу “Манас” эпопеясына уюткан алтындай кылып чөгөргөн. Ушундай идеялык-моралдык абсолюттарды – улуттун эң жогорку дөөлөттөрүн көкүрөк көөдөнүндө, жүрөгүнүн толтосунда көтөрүп жүргөн Манас баатырдын өзү болгон. Манас тарыхый доорлордун бир тилкесинде жашаган тарыхый инсан экендигине шек кылуута болбойт. Манастын өмүр баяны, эрдиктери а дегенде даңаза болуп айтылып, бара-бара уламыш сөзгө айланып, акыры ал эпостун каарманы болуп жашап калган. Бакай, Кошой, Каныкей, Алмамбет да ошондой. Бекеринен тарыхчы-окумуштуу Н.Бернштам: «Манас эпосу көркөм чыгарма гана эмес, кайталангыс тарыхый повесть дагы деп жазган эмес. Ал эми дүйнөгө аты чыккан атактуу этнограф-тарыхчы С.М.Абрамзон «Эпостун сюжеттик өзөгүндө, анын чоң-чоң эпизоддорунда ар кайсы мезгилде болуп өткөн реалдуу окуялар жатат. Алар көп сандаган эскерүүлөрдөн кийин көркөм формага салынып иштелип чыккан». Кыскасын айтканда, «Манас» калкыбыздын ыры менен жазылган тарыхы. Ал эпос деген терминдин алкагына сыйбайт. Ал андан да кеңири.

Каңгайлык Алооке хандын аскеринин күтүүсүз агрессиясына кабылып, тамтыракайы чыгып туш-тушка чилче тараган, ар кай жерде андаалап көр турмуш өткөрүп, эл катары жок болуп кетүү коркунучу алдында турган бир боор кыргыз калкынын кайгылуу тарыхынын мисалында, тентиген бурут атьпып, душмандын көзүн карап, кейип-кепчип күн көргөн алтайлык кыргыздардын күнкор тагдырынын мисалында, ошол Алтайдагы ак элечек байбичелердин, ак калпак карыялардын тууган жер деп, “Кара өзөн кайда, бел кайда? Аталаш кыргыз эл кайда?” – деп буркурап ыйлаган муңзарынын мисалында, өзүнүн алтайдагы балалык ачуу тажрыйбасынын (“Тентип келген бурут, бул буруттун балдарын чуркуратып курут” деген жергиликгүү калмак-манжуулардын кордогон сөздөрүн бала Манас далай ирет уккан) мисалында, жаш Манас мына момундай жыйынтыкка келген: ата конушуң , эли журтуң жоонун, үстөмчүл кара күчтүн колунда болсо, булуттуу көктүн астындагы, муундуу чөптүн үстүндөгү өмүрүң кор, ичкениң ирим, жегениң желим. Этек-жеңинди жайылтпай, “канат-куйругуңду” кыркып турушат. Дүмүрүң түбүнөн казылат, түркүгүң суурулат. Таманга басып жүн кылат, ачык күнүң түн кылат, койдой айдап кул кылат. Өз ата журтуңда бутту кенен сунул, атуул катары эркин жашай албайсың. Эркин жериң болсо, эркин элиң болсо гана, өз тагдырыңа өзүң кожоюн болсоң гана сен бактылуу кишисиң, ата конушуңдун эркесисиң.

Манас турмушту талдап келип, мына ушундай ынанымга, ишенимге бекиген. Анан мына ушундай ички терең ишенимден чыгып, ар жерде чачылып калган кыргыз калкынын башын кошуу, бириктирүү, душманга каршы аёосуз күрөш ачуу, ата журтту боштондукка чыгаруу, элдин башын азат кылуу, кыргыз мамлекетин түзүү сыяктуу опол тоодой максаттарды, башкача айтканда, чачылганды жыйноону, үзүлгөндү улоону, жоголгон жокту табууну, «Кулаалы жыйып куш кылууну, куранды жыйнап журт кылууну» – кечиктирилгис милдет катары өз алдына айкүрүнөн койгон. Бул милдетгер анын атуулдук, адамдык ар-намысынын, абийиринин иши болуп калган. (“Атамдан калган жеримди, Алтайдан калбай албасам атым өчүп калбайбы” – Манас).

(Уландысы кийинки санда)

Советбек Байгазиев, Манас таануучу, профессор, эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты!

Булак: Фабула

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: